Кечээ оор кылмыштарга шектелген экс-министр Чодуев абактан кантип чыкты?
Мурдагы айыл чарба министри Эркинбек Чодуев алдамчылыкка, ири көлөмдөгү (500 миллион сом) зыян келтирүү боюнча шектелип, март айында камакка алынган. Абак мөөнөтүнүн жарымын ооруканада өткөргөнү айтылып, а өткөн жумада өзү эркиндикке чыгып кетти. Укук коргоо органдары, сот тарабынан коомчулукка маалымат берилген жок. “Жабылуу аяк жабылуу бойдон” калдыбы?
Экс-министр камалганга чейин Ош шаарынын чок ортосундагы 3 гектар жерге ээлик кылып, көп кабаттуу үйлөрдү куруудагы кыңыр иштери чыга баштаган. (Ишкер Рыскул Зулушев, депутат Нурбек Алимбеков менен күмөндүү байланыштары бар беле?). “Шибегени капка ката албайсың” дейт. Оор берененин негизинде Эркинбек Чодуев УКМК тарабынан кармалып атса (Өзбекстанга качып бараткан жеринен), Биринчи Май сотунун судьясы Тилек Турдукулов эркиндикке чыгарып жибергени кандай? Көшөгө артынан сүйлөшүп, көмүскөдөн пара алган эмеспи? А болбосо ири өлчөмдөгү алдамчылыкка, мыйзамсыз менчиктештирүүгө айыпталган чиновник оңой-олтоң эле жазадан кутулуп кетеби? Анан калса, Чодуев 2-апрелден бери эле ден соолугун шылтоолоп, элиталык ооруканада жатканы айтылып келген.
Натыйжада, судья Тилек Турдукулов “мыйзамды аттаса”, Биринчи Май районунун прокурору жогорку инстанцияга даттануу келтирбей, эмнеге кечеңдетүүдө? Же “Карга карганын көзүн чокубайт” дегендей ишарага барышабы? Миллиондорду “кымыргандар” бат эле жоопкерчиликтен бошоно беришсе, а түрмөлөрдү кедей-кембагалдардын балдары гана толтурушу керекпи? Теңсиздик да...
Кыкасы, Эркинбек Чодуев түрмөдөн чыкканча эле тийешелүү органдардын жетекчилери менен “жең ичинен” сүйлөшүп алганбы? Кечээ оор кылмыштарга кириптер болсо, а бүгүн билмексен таризде кутулуп кетүүдө. Канча “кусту” болду экен? Эгерде мамлекетке тийешелүү миллиондорун төксө, анда бир жөн эле. Негизи бул жерде бир күңүрттүк бар да...