Сапатсыз курулган үйлөр жана “Женгого” байланыштуу Осмоновдордун ойрону чыгабы?


Камчы Көлбаевдин өлүмү... Андан соң бийлик тазалануу саясатын кескин түрдө баштап, катуу күрөш салганы белгилүү. Саясатта, бизнесте УКТга аралашкандар чекесинен жазасын алышууда. Бирок толук кандуу бир жаңсыл боло элек. Тамырлашып кеткендерди аягына чейин кыркып салууга убакыт керектелет тура...
Депутат Айбек Осмонов кежеңдеп, аксынып, өзүн таза пакиза сезип алыптыр. Башкасын айтпасак да, бир олуттуу маселеге токтололу. 2010-жылы Ош шаарын кайра калыбына келтирүү дирекциясы түзүлүп, Жантөрө Сатыбалдиев жетектеп, иш башталганы эсибизде. Ошондо ага-ини Нурбек, Айбек Осмоновдор колдоого алынып, көп кабаттуу үйлөрдү курууга жетишет. Кийин былыктары чыгып, курган үйлөрүнөн жарака кетип, жараксыз абалга келгени боюнча ЖМКларда канча ызы-чуу болду? Арзанына качырышып, акча өөнөшүп, курулушту сапатсыз чампалашканбы? Дал ушул соболдорго УКМК көңүл буруп, кечээги кылыктарын калкып чыгарса, кылмыш иштери козголсо керек.
Дагы бир кызык нерсе, Нурбек, Айбек Осмоновдор жакындары менен “Женго” каймана атындагы Кадыр Досоновду убагында каржылап жүрүшкөнбү? Жооп беришеби? “Жел жүрбөсө чөптүн башы кыймылдабайт” дейт. Анын сыңарындай, соңку убакта УКТга байланышы бар, алыш-бериш кылган көп ишкерлер жазасын алышууда. Эгерде УКМК чындап киришсе, сапатсыз курулган үйлөр жана “Женгого” байланыштуу Осмоновдордун ойронун чыгарып койбойбу? Күтө туралы.
"Азия Ньюс" гезити











