Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Түрмөлөрдөгү кыйноолор, өлүмдөрдүн көбөйгөнү коомчулуктун талкуусуна алынууда. ЖАМК эмнеден жаза тайды?..

Түрмөлөрдөгү кыйноолор, өлүмдөрдүн көбөйгөнү коомчулуктун талкуусуна алынууда. ЖАМК эмнеден жаза тайды?..

22-январь, 19:30
1 318 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Канышай Мамыркулова:

-- Түрмөлөрдөгү кыйноолор, өлүмдөрдүн көбөйгөнү жалпыга маалымдоо каражаттарында да айтылып, коомчулук толук кабардар болууда. Арстан Алайдын өлүмүнөн кийин жана башка себептерден улам, чынында жабык жайлардагы абал ачыкка чыга түштү. Башкы прокуратура баш болуп, Арстан Алайдын өлүмү боюнча бир эмес эки-үч комиссия түзүштү. Андан кийин кайсы бир жеринде камера жок болгонун айтышты. Кандай болгон күндө да Арстан Алайдын өлүмү ЖАМКга аброй алып келген жок. Жалпыга маалымдоо каражаттарынан алынган маалыматтарды талдап отурсаң, жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы баштан-аяк реформадан өтүп, жарандардын коопсуз кармалышы үчүн мамлекеттин бетине көлөкө түшпөгүдөй шарттарды түзүшү керек экен. Эң эле негизгиси, ал жакка эч ким түшпөсүн...

Качкын Булатов:

-- Түрмөдөгү өлүмдөр, кыйноолор коомчулукта талкуу болуп жатканы чын. Бирок, президент Садыр Жапаров “менде саясый эрк бар” деген. Демек, Садыр Жапаров кылмышкерлер кармалгандан баштап, камалса да кыйноолорго туш болбогудай кылып реформа жасашы керек. Болбосо түрмөлөрдөгү кылмыштуу топтор кыйноону уланта беришет. Мисалы, Грузияда вор в законе” дегендердин баарын атып, түрмөгө камап жоготкон. Биз да ошондой темирдей тартип киргизип, баарын иретке салышыбыз керек.

Түрмөнүн ичиндеги кыйноолор буга чейин да болуп келген. Текебаев өмүрүнө коркунуч жаралганда, эч жакка чыкпай камерада гана жаткан. Ишенбай Кадырбековду өлтүрө турган болгондо, айласы кетип, мамлекетке миллиондорду берип, жанын сактап калган. Камактагыларга чыны менен кыйын. Ошон үчүн реформа кылып, баарын иретке келтирүү зарыл. Милициялар дагы кылмышкерди камадык деп, күнөөсүн күчкө салып, ур-тепки менен мойнуна алдырганын токтотушу керек. 

Азыр өкмөттө каражат бар. Ошол каражатты үнөмдүү пайдаланып, өнүккөн мамлекеттердин үлгүсүн алып, күч органдарына реформа жасашы керек. Анткени, кыргыздын нукура түрмөсү болгон эмес. Реформа кылбасак, камактагылар кыйноого туш болуп, өлүм боло берет. ЖАМК жана күч органдары заказ аткарды деген сөзгө кала берет.

Алга Кылычов:

-- Бул маселе өтө коркунучтуу жана өкүнүчтүү тенденция. Бул бийликке жана баарыбызга коңгуроо! 

НЦППнын отчёту менен акыркы үч жылда абактарда ар кандай жагдайда 151 адам каза болуптур. Бизге таанымал 3-4 адам каза болгон соң гана коомчулук билип калды. Абактан каза болуу – өтө коркунучтуу тенденция жана баарыбызга сигнал! Адамдын эркиндигин алгандан кийин анын ден соолугуна жана өмүрүнө да жооптуу болуш керек да. Таңгалганым, соңку жылдардагы 151 адамдын өлүмү боюнча бир да жогорку эшелондо отурган тийиштүү адамдар жаза алган жок. Тескерисинче, ОПГлар менен камыр-жумур болгондор, аларды ар кандай арам иштерге пайдаланган чыныгы кылмышкерлер кызматтарынан көтөрүлүп жатты. Сөзүм куру болбош үчүн мисал келтирейин. ИИМде Ашерходжаев сыяктуулар орун басарлык кызматка көтөрүлүп жатпайбы? 

Ошондой эле Арстан Алайдын иши оор кылмыш ишине кирбеген соң, ага кылмыш ишин козготкон, каматкан, көзөмөлдөгөн ИИМдеги куратору, орун басары, тергөөчү, сот, өлүмгө жол берген ЖАМКтын жетекчилери жок эле дегенде жаза алуулары керек эле.

Кыскасы, жоопкерчиликсиздик чегине жетти. Өкүнүчтүүсү, күч түзүмдөрүндөгүлөр, соттор жана ЖАМКда ОПГ менен камыр-жумур болуп кеткендер, ОПГны уюштургандар жазаланбастан, тескерисинче, кызматтарынан көтөрүлүүдө. Бул да элдин нааразычылыгын жаратууда.   

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер