Унаасын жылдырып жатып, эки жашар баласын тебелетип алды
Ысык-Ата районунда К.И. аттуу жаран унаасын артка жылдырып жатып, эки жашар баласын тебелетип алган. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, 2020-жылдын 14-августунда райондук ички иштер бөлүмүнө кырсык тууралуу билдирүү түшкөн. Жеринде аныкталгандай,1992-жылы туулган К.И., өзүнүн жеке “Форд Транзит” автоунаасы менен үйүнүн короосунан чыгып бара жатып, 2018-жылы туулган уулу К.А.-ны тебелетип алган. Бала алган жаракатынан улам ошол жерде көз жумган.
Бул факт Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин "Жол кыймылынын коопсуздугун жана автотранспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу" беренеси боюнча катталган. Соттук-автотехникалык жана соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, анын жыйынтыгы боюнча кылмыш курамынын жоктугу үчүн сотко чейинки өндүрүштү токтотуу чечими кабыл алынды.