Соттолгон Кубанычбек Самаковду БШК талапкер кылды. УКМК, ИИМ үн катабы?
Кечээги кандуу режимде Аламүдүн районунан жүздөгөн гектар жерлерге алдамчылык таризинде ээлик кылышып, башында Карганбек Самаков туруп, Жаныш Бакиевге таянуу менен “майкандашканын” эч качан унутпайбыз. Элдин жерин “устукандашып”, жеп-ичмейдин жогорку үлгүсүн көрсөтүшүп, Самаков жакындары менен соттолуп кеткени факт. Эми кайрадан баш көтөрүшүп, саясатка малына башташканы кандай? Эмесе, учкай токтололу.
“Коррупция” беренеси менен 8 жылга соттолгон Кубанычбек Самаков Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан талапкер катары катталды. БШКнын мындай чечимин кандайча түшүнсөк болот? 2017-жылы 19-декабрда күчөтүлгөн тартипте кесилип кетип атса, андан бери аз гана убакыт өтпөдүбү, абак мөөнөтүн кантип аяктады? Акчанын күчүнө салып, эрте кутулуп кеткени менен соттуулугун жоюуга убакыт керек да, туурабы? Же “жашылбайларды” тийешелүү органдарга чачса, жымырып-жаап, “сүттөн ак” кылып бөпөлөй беришеби? Эл карап турат да. Кубанычбек Самаков атасы Карганбектин сүрөөсү менен мыйзамдарды тебелеп-тепсеп, бат эле акталып кеткени ушулбу? Мамлекеттин бетине чиркөө боло турган олуттуу суроолор жаралууда. Бул көрүнүш өтө өкүнүчтүү. Бийликтин бетине чиркөө! Кечээ эле оор кылмыштарга айыпталып, түрмөгө камалып кеткендер кайрадан эле байлыктын аркасы менен мансапка, мандатка жулуна беришсе... Туй ата! Келечегибиз кантет?
Анан калса, бул талапкер алдыртан эле ондогон, жүздөгөн адамдарга чай берип, көмүскөдөн “сатып алууларды” баштаганы кандай? Териштирилеби? Соцтармактан үгүт иштерин жүргүзүү таризинде журналисттерди, блогерлерди жалдаптыр. Куду эле Дамира Ниязалиеванын жолу менен баратат...
Кыскасы, УКМК, ИИМ тез арада Кубанычбек Самаковдун талапкер катары катталганын мыйзамдык нукта карап, баа берип, БШКга маселе коюшабы? Азыр да убакыт бар, күтө туралы.