Тергөөчүнүн өлүмүнө Акылбек Бекишов жооп береби? “Кан коё бербейт” дечү эле...


Түп РИИБден Ысык-Көл районуна иштеш үчүн эки айга которулуп келген тергөөчү Азамат Шералиевдин өлүмү коомчулукта талкуу жаратууда. Ал автокырсык болгон жерге барып, караңгыда кызматын аркалап аткан чакта, кокусунан машина уруп кетип, каза болгон. Иш учурунда тергөөчүгө кол таңгыч берилбей, аянты атайын лента менен курчалбай, шалаакылык жасалганбы? Бул соболго Ысык-Көл РИИБ начальниги Акылбек Бекишов не дейт? Ушул жерден илинсе керек...
Аз күн мурун маркумдун жубайы арыз-муңун айтып чыкты. Күйөөсүнүн өлүмү жашыруун калганын, жетекчилик тараптан көңүл бурулбаганын, сүзүп өлтүргөн айдоочу камалбаганын да билдирди. Эмнеге мындай кайдыгерлик орун алууда? Шек кетти...
Ток этерине келсек, Ысык-Көл РИИБ начальниги Акылбек Бекишовдун жоопкерчилигин кантебиз? Кол астында иштеген тергөөчү Азамат Шералиевдин өлүмүнө жооп береби? Эмнеге маалыматтар көмүскөдө калып, сүзүп өлтүргөн айдоочу камалган эмес? Карапайым кызматкердин жубайы жесир, төрт баласы жетим калып атса, буга эч ким жооп бербейби? Айтор, суроолор көп. Тергөөчүнүн өлүмүн будамайлай беришеби? Начальник Акылбек Бекишов жооп береби?











