Чүй ОИИБ: “Журналист кыздын үстүнөн кылмыш иши козголду”

Чүй облусунун ИИББы: Өздөрүн УКМКнын кызматкерибиз дешип, Ысык-Ата РИИБдүн кызматкерлери маалымат агенттиктеринин биринин өкүлүн суракка алышкан деген маалымат боюнча төмөндөгүлөрдү билдерибиз. Үстүбүздөгү жылдын апрель айынын башында УКМКнын райондук башкармалыгы тарабынан эпидемиялык кырдаалга байланыштуу жалган маалыматтарды, коомчулукту дүрбөлөңгө салуучу материалдарды социалдык желелерге таркатып жаткан айрым жарандарга карата ыкчам тергөө иш-чаралады жүргүзүү тууралуу материал Ысык-Ата РИИБнө келип түшкөн. Бул материал Ысык-Ата районунун ИИБү тарабынан кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын жоруктар жөнүндө кодексинин 128-беренеси (Адамдардын ден соолугуна кооптуулук түзгөн жагдайлар жөнүндө маалыматты жашыруу же бурмалоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштерин жүргүзүү үчүн материал Ысык-Ата районунун ИИБдүн жоруктар иштери боюнча кызматына тапшырылган. Сотко чейинки жүргүзүлгөн өндүрүш иштеринин алкагында ишке тиешелүү материалдар топтолуп, жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында такталбаган маалыматтарды бир канча жарандар социалдык түйүндөрдө бөлүшкөндүгү аныкталган. Териштирүү иштеринин жүрүшүндө социалдык түйүндүн колдонуучусу 1999-жылы туулган кыздын өзүгү такталып, кызматкерлер тарабынан суралган учурда ал 2019-жылдын декабрь айында Фейсбук аккаунтун ачканын айтып, учурда ал аккаунтун өлкөбүздөгү маалымат агенттиктердин биринде иштеген эжеси колдонуп жатканын билдирген. Үстүбуздөгү жылдын 9-апрель күнү Ысык-Ата РИИБдүн кызматкерлери тарабынан алынган маалыматтардын негизинде жогорудагы жаран менен сүйлөшүү болуп, иштин жагдайларын такташтыруу үчүн жолугушуу белгиленген. Белгилеп кетүүчү жагдай, өлкөбүздөгү эпидемиялогиялык кырдаалга байланыштуу аталган жаранга ыңгайлуу болуусу үчүн анын иштеген жерине барып, күбө катары көрсөтмө алуу максатында кызматкерлер айтылган дарекке барышкан. Маалымат агенттикте иштеген башка кызматкерлер да сотко чейинки өндүрүш ишинин жүрүшүнө тоскоолдуктарды жаратышып, кызматкерлерди видеого тартышып, териштирүү иштерин жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк беришкен эмес. Ар түрдүү правокациялык иш-аракеттерден улам териштирүү ишти аягына чыгарууга мүмкүнчүлүк болгон эмес. Андыктан, “Милиция кызматкерлери өздөрүн УКМКнын кызматкерлерибиз деп тааныштырган”- деген маалыматтар чындыкка дал келбейт. Милиция кызматкерлери сотко чейинки өндүрүш иштеринин негизинде маалымат агенттикте иштеген кыздан көрсөтмө алуу үчүн барганын жана ал жердегилерге тиешелүү материалдары көргөзүшкөн. Эске сала кетүүчү жагдай, милиция кызматкерлери маалымат агенттикте иштеген кызды жогорудагы маалыматтарды таркаткан Фейсбук аккаунту боюнча күбө катары суроо үчүн барышкан. Учурда тергөө иш амалдары уланууда.
Чүй ОИИБнин басма сөз кызматы











