Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Кылмыш дүйнөсү менен укук коргоо органдары тамырлашып кетти”

“Кылмыш дүйнөсү менен укук коргоо органдары тамырлашып кетти”

19-апрель, 09:00
4 455 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Уюшкан кылмыштуу топтордун карактоосу, ишкерлерди коркутуусу барган сайын күчөп баратат. Күч органдарын тоготпой калышканы жашыруун эмес. Бийлик менен кылмыш дүйнөсү биригип алган жокпу?” деген собол таштадык.

Азиза Абдирасулова, укук коргоочу:

-- Ошол коркутууга, басым-кысымга дуушар болгон ишкерлер тийешелүү жерге ачык айтып, арыз жазышпайт. Андайдын эки себеби бар: биринчиден, уюшкан топтон чын-чынында коркушат. Алар өрттөп, талкалап, кишини өлтүрүп, жакын туугандарын сабап, кысымга алуудан тайманышпайт. Экинчиден, бүт эле уюшкан кылмыштуу топтордун “крышовать” эткен адамдары бар. Жөн жерден эле уюшуп, бир нерсе жасашпайт. Аны ишкерлер да билишет. “Биз мунун үстүнөн арыз жазсак, өзүбүзгө жаман болуп калат” дешет. Аларды калкалагандар катардагы карапайым адамдар эмес, сөзсүз түрдө бийликтин, айрыкча күч органдарынын өкүлдөрү болот. Албетте, бизде аз сандагы башка улуттагы ишкерлер да басым-кысымга, рейдерлик тартып алууга дуушар болушат. Көпчүлүк учурда сураганын берип кутулушат же баш-оту менен өткөрүп берген учурлары да жок эмес. Кыргызстанда кайра эле мыйзамдын иштебегени, баардык адамдарга бирдей мамиле болбогондугу, бийлик жана күч органдары менен кылмыштуу топтордун тамырлашып кеткендиги – биз үчүн өтө чоң көйгөй.

Анарбек Усупбаев, коомдук ишмер:

-- Илгертен бери бийлик менен кылмыш дүйнөсү “табакташ” экени жаңылык эмес. Бул боюнча көп окуйм. Окуп эле тим калбай анализдейм. Жанагы экономикасы күчтүү мамлекеттерде бийлик өкүлдөрү таза иштеп, кылмыш дүйнөсүн катуу тизгиндеп, кармап турат экен. Алыска кетпейли, жарыктык союз мезгилинде, Сталиндин убагында экономика өстү. Бул боюнча Англиянын премьер-министри Черчилль “соко менен мамлекетти алып, атом бомба менен калтырды!” деп Ыстакемди мактаган эле. Ал кезде кылмыш дүйнөсү жөнүндө түшүнүк болгон эмес. Эл маңдай тери менен тапканын тутунган...

Афганистандан биздин мамлекет аркылуу бангизаттар кылмыш дүйнөсү аркылуу башка жактарга тарайт имиш. Аны бийликтин жардамы менен өткөзөт жана бөлүшөт. Биз ушинтип отурсак өнүгөбүзбү? Өнүкпөйбүз да. Анүчүн эң ириде экономиканы көтөрүш керек. “Кылмыш дүйнөсүн атып сал” дегенден алыспыз, болгону кескин түрдө азайтып, тизгиндеп, мыйзамды катуу иштетип, акырында түп-орду менен жок кылуу кажет. Биз буларды биринчи жолу эле айтып аткан жокпуз, “айткандын оозу жаман, ыйлагандын көзү жаман” дегендей, эгемендик алган жылдардан тарта саймедиреп келебиз. Чындап келсе, биздин мамлекет Казакстандын бир облусу менен тең. Жөн эле куурчактай чыкыйтып койсо болот. Бийлик башындагыларда ыйман, ынсап жана патриоттук сезим күчтүү болсо эле болду! 

Токтайым Үмөталиева, укук коргоочу:

-- Биригип кетмек түгүл, кылмыш дүйнөсү негизги делген укук коргоо органдарына кирип, тамырлашып кетти. Муну мен өзүмдүн тагдырымдан көрүп атам жана дагы бир өтө чоң бизнесмендин ишине күбө болуудамын. Себеби, документтери, келишимдери, баардык далилдик базалары бар жигиттерди камап, “мынча төлөйсүң” деп бизнесмендерге өтө чоң сокку жасашууда. Илгерки, мөөнөтү өтүп кеткен жана Жогорку соттун чечимин аткарбай жаткан жагдайлар арбын. Азыр министрликти карап отурсаң, “регионализм” деген нерсе да көбөйүп кетти. Кайсы министр кай жерден болсо, ошол жердин “азаматтары” башкарып алган. Жадагалса секретаршасы да ошол жерден. Бул өтө коркунучтуу жагдай...  



Сурат Жылкычиев 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер