Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Депутат небереси менен кыз-жигит катары сүйлөшүп жүргөн окуучуну сабады

Депутат небереси менен кыз-жигит катары сүйлөшүп жүргөн окуучуну сабады

07-ноябрь, 16:41
827 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Өзбекстандын Кашкадарыя облусундагы Камаши райондук кеңешинин депутаты Панжи Нуртоев 9-класстын окуучусун аёосуз сабаган деп айыпталууда. Бул тууралуу “Газета.uz” басылмасы өлкөнүн башкы прокуратурасына шилтеме кылып кабарлады.

Маалыматка караганда, 15 жаштагы окуучу менен Панжи Нуртоевдин 8-класста окуган небереси кыз-жигит катары сүйлөшүп жүрүшкөн. 4-ноябрга караган түнү өспүрүм терезеден кыздын бөлмөсүнө кирген. Аны байкап калган Нуртоев уулу менен бирге окуучуну катуу сабаган. Ошол эле күнү таңкы саат төрттө өспүрүм райондук ооруканага жеткирилип, ага мээси чайкалган жана бети тытылып, көгөргөн деген диагноз коюлган.

Алгач бул иш боюнча тергөөгө чейинки тактоо иштерин райондук ички иштер бөлүмү баштап, бирок кийин топтолгон документтер прокуратурага өткөрүлүп берилген. Анткени Нуртоев жергиликтүү кеңештин депутаты болгондуктан, аны депутаттык кол тийбестигинен ажыратуу үчүн прокуратуранын сунуштамасы жана кеңештин макулдугу талап кылынат.

Ал ортодо Нуртоевдин иш-аракетин талкуулоо үчүн Өзбекстандын либералдык-демократиялык партиясынын Кашкардарыя облустук кеңеши жыйын өткөрүп, аны партиядан чыгаруу жана депутаттык мандатын чакыртып алуу чечимин кабыл алганы кабарланды.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер