Акыркы кабарлар
» Кылмыш » Бишкектин чок ортосунда ок атуу болду
Бишкектин чок ортосунда ок атуу болду
24-октябрь, 16:32


Кечээ, 23-октябрь күнү кечинде Бишкектеги кафелердин биринде кардарлардын ортосунда жаңжал чыгып, ок атылды. Билдирүүгө караганда, жаңжалдан кийинки ок атуудан эки адам жаракат алган. Бул боюнча Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнө байланышканыбызда маалыматты тактады.
"Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды. Милиция кызматкерлери окуянын катышуучуларын аныктап, керектүү экспертизаларды дайындашкан" деп билдиришти Биринчи Май РИИБнен.










