Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » ИИМ Алмазбек Бейшеналиев үй камагына чыгарылганын билдирди

ИИМ Алмазбек Бейшеналиев үй камагына чыгарылганын билдирди

19-октябрь, 12:09
492 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ички иштер министрлиги мурдагы билим берүү жана илим министри, пара алууга шек саналып кармалган Алмазбек Бейшеналиевдин баш коргоо чарасы үй камагына өзгөртүлгөнүн билдирди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы 18-октябрда маалымдады.

"Бейшеналиев тергөөнүн жүрүшүндө келтирилген зыяндын ордун толтурганы, өнөкөт ооруларга чалдыкканы, туруктуу жашаган жери, жашы жете элек төрт баласы бар экени, тергөөгө тоскоолдук кылбай тургандыгы эске алынып, анын баш коргоо чарасы камакка алуу түрүнөн үй камагына өзгөртүлдү",- деп айтылган маалыматта.

Расмий кабарда белгиленгендей, Бейшеналиев тергөө амалдарынын жүрүшүндө алгач 37 500 АКШ долларын, кийин 62 500 долларды өз ыктыяры менен кайтарып берген. Тергөө уланууда.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер