Баңгизат менен кармалган жарандар мыйзамга ылайык жазаларын алууда
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу жазаларды аткаруу кызматынын мекемелеринде 2021-жылы 10 баңгизат каражаттарын мыйзамсыз сактоо фактылары боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү рестирине катталып, анын ичинен 5 кылмыш иши боюнча 5 соттолгон адам кылмыш жоопкерчилигине тартылып, соттун кароосуна жиберилип, күнөөлүү адамдар 1-жылдан 9-жылга чейин эркиндигинен ажырашып, жаза алышкан.
Соттолгон адамдар түзөтүү мекемелеринде жазасын өтөп жатышып, уюлдук телефон аркылуу эркиндикте жүргөн тааныштарына кайрылышып, мыйзамсыз баңгизат алып келүүнү суранышып, алар түнү түзөтүү мекемелеринин жанына келишип, мекеменин дубалынын сырткы тарабынан ыргытышып же болбосо тамак-аштардын ичине катып беришет.
Мисалы соттолгон А.Дуйшембаев жазасын №1 түзөтүү мекемесинде өтөп жатып, 29-сентябрь 2021-жылы анын жашаган жерин тинтүү учурунда тумбочкадан 7 грамм гашиш баңгизат табылган. Тергөө учурунда жана сот мезгилинде соттолгон А.Дуйшембаев баңгизатты чегүү максатында таанышы аркылуу алдырганын көрсөткөн. Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун өкүмү менен ал Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза кодкесинин 283-беренесинин 1-бөлүгү менен күнөөлүү деп табылып, 1 жыл эркиндигинен ажыратылып, ушул эле Кодкестин 79-беренесинин негизинде мурдагы өтөлө элек өкүм менен кошулуп, биротоло 2 жыл 10 айга эркиндигинен ажыратылган.