Акыркы кабарлар
» Кылмыш » Салынып жаткан имараттан ымыркайдын сөөгү табылды
Салынып жаткан имараттан ымыркайдын сөөгү табылды
07-март, 17:41
687 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында салынып бүтө элек имаратта жаңы төрөлгөн ымыркайдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Kaktus.kg редакциясына облустук ИИБден билдиришти.
Кечээ, 6-мартта салынып бүтө элек имараттын биринен жергиликтүү тургундар пакетке салынган ымыркайдын сөөгүн таап алып, милиция чакыртышкан.
Эркек баланын денеси кара пакетке салынып ыргытылыптыр. Милиция жакын арада төрөп, андан кийин наристенин сөөгүн ыргытып салган аялга издөө жарыялады.