Акыркы кабарлар
» Кылмыш » Былтыр 8 миңдей аял зомбулукка кабылды
Былтыр 8 миңдей аял зомбулукка кабылды
23-февраль, 11:32
933 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Ички иштер министрлигинин электрондук каттоосуна 2021-жылы 10 миң 151 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.
Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан 9038 адамга коргоо ордери берилген. Анын 8463ү аялдарга, 311и эркектерге, 264ү жашы жетелектерге тийешелүү. Үй-бүлөлүк зомбулук жасаган 8599 эркекке жана 439 аялга ордер берилген.
ИИМ үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу үчүн жыл бою элди кыдырып, түшүндүрүү иштерин күчөтүп жатканын билдирди.
Буга чейин башкы прокурор былтыр балдарга каршы жасалган зомбулукка байланыштуу 1827 иш катталганын айткан. Анын 986ы кыскартылып, 13 иш бир ишке бириктирилген. 411и сотко жөнөтүлсө, 417 иш тергөөдө.