Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кумар оюну үчүн чоң энесин бычактаган шектүү кармалды

Кумар оюну үчүн чоң энесин бычактаган шектүү кармалды

11-январь, 12:59
1 810 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ош облусунун Өзгөн районунда чоң энесин бычак менен сайып, качып кеткенге шектелген 22 жаштагы небере кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шектүү кармалып, Өзгөн РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

“Шектүү Ж.Э. Орусиядан 9-декабрь күнү келген. Өзгөн шаарындагы үйүнө 11-декабрдан 12-декабрга караган түнү барып, туугандарына “мен азыр Орусиядан келдим, жол кирем жок” деп алардан жол акы берүүсүн сураган. Туугандары 4 миң сом акчаны берип, айдоочуну кетиришет. Шектүү 12-декабрь күнү саат 10:00 чамасында чоң энесинин үйүн тинтип баштайт. Аны көргөн чоң эне эмне издеп жатканын сураганда, Орусияда кумар оюнун ойноп, карыз болуп калганын айтып, акча талап кылган. Бирок чоң эне акча жоктугун, кыздарынан сураштырып көрүүнү айткан учурда капысынан шектүү бычак менен сайып жиберген”, - деп билдирет басма сөз кызматы. 


Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер