Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Абдыбек ДЮШАЛИЕВ, ЖК депутаты: “ОПГ өзү билип, өтүгүн төргө илип калган кырдаал жок”

Абдыбек ДЮШАЛИЕВ, ЖК депутаты: “ОПГ өзү билип, өтүгүн төргө илип калган кырдаал жок”

29-декабрь, 14:12
1 695 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Абдыбек Кашымбекович, соңку кездерде уюшулган кылмыштуу топтор боюнча көп сөз болууда. “ОПГ көзөмөлдөн чыгып кетти” деп добулбас каккандар да бар. Бул боюнча сиз кандай ойдосуз?

-- ОПГ тууралуу өтө бир сенсациялуу окуя, чуулгандуу киши өлтүрүү болгон учурларда айтылат. Азыркы күндө ИИМ “ОПГ жок” деп айта албайт. Эки-үч топ тууралуу айтат. Алардын эмне кылып жатканы боюнча милиция кызматкерлеринин маалыматы бар. Бир жерден сигнал эле түшчү болсо, тез аранын ичинде басылат. Андыктан, ОПГ чектен чыгып, өзү билип, өтүгүн төргө илип калган кырдаал жок. 

-- Бирок, сиздер иштеп турганда азыркыдай таламандын тал түшүндө бизнесмендерди уурдап кетип, же эки топ көчөдө атышып кеткен учурлар болчу эмес эле да?

-- Эмне үчүн? МАИ кызматкерлери жолдон атышып, каза болгон учурлар да болгон убагында. Кафелерден атышкандар болгон. Бирок, бул бир жылда бир, же эки жолу гана боло турган окуя. 

-- Анда сиздин оюңузча, “ОПГ көзөмөлдөн чыгып кетти” деп айтканга болбойт экен да?

-- Болбойт. Анткени, ИИМдин кылмышкерлерди издөө боюнча башкы башкармалыгында өтө күчтүү, компетенттүү кызматкерлер иштейт.  

-- ИИМ уюшулган кылмыштуу топторду ыкчам учетко гана алат. Ал эми алардын чындап эле ОПГ экенин сот аныктайт. Балким, ИИМге кошумча ыйгарым укуктар берилиши керектир?

-- Конституция боюнча дагы, мыйзамдар боюнча дагы адамдын күнөөсүн сот гана аныктайт. Сот болбой эле милиция өзүнүн билгенин кыла баштаса, анда өтө эле туура эмес болот. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер