Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Төрт жашар өгөй кызын төртүнчү кабаттан ыргыткан киши кармалды

Төрт жашар өгөй кызын төртүнчү кабаттан ыргыткан киши кармалды

25-декабрь, 22:52
1 426 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жарандык никеде жашаган аялдын мурунку никесинде төрөлгөн төрт жашар кызын төртүнчү кабаттан ыргытып жиберген адам кармалды.

Окуя 20-декабрда Өзбекстандын Ташкент шаарында болгон. Жарандык никедеги аялы менен арак ичип, ортодо уруш чыккан. Түнкү саат 01:30дар чамасында  мурда бир нече жолу соттолгон 41 жаштагы киши мас абалында аялдын төрт жашар кызын терезеден ыргытып жиберген. Бийиктиктен кулаган бөбөк ошол замат жан берген.

Бул факты боюнча Ташкент шаарындагы Мирзо-Улугбек райондук прокуратурасы тарабынан «Алсыз абалдагы адамды атайылап өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголду.

Наристени ыргыткан киши кармалып, тергөө иштери башталды.

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер