Акыркы кабарлар
» Кылмыш » Россияда бир куту тамеки үчүн кыргыз жараны камакта отурат
Россияда бир куту тамеки үчүн кыргыз жараны камакта отурат
24-декабрь, 17:34


Санкт-Петербургда кыргызстандык жаран бир куту тамеки уурдагандыгы үчүн абакта отурат.
Ушул жылдын 20-июлунда айыпталуучу жолдо өтүп бара жаткан жарандын ийинине жана ичине атайлап муштап, 160 рубль акчасын жана куту тамекисин алып кеткен.
Буга чейин 37 жаштагы кыргызстандык ЛГБТ-активисти Елена Григорьеванын өлүмүнө шектелип кармалган. Аны тергөө абагына киргизишкен, бирок көп өтпөй укук коргоо органдары башка шектүүнү кармашкан болчу. Ал мойнуна күнөөнү алган соң, кыргызстандык жаран кое берилген. Ал эми бир куту чылым алган кыргызстандык жаран 20-июлдан бери камакта отурат.
Aryba.kg











