Кыш жылуу болот, январдагы аба-ырайын көрүңүз
Кыргызгидромет 2020-жылдын январына карата аба ырайынын божомолун жарыялады.
Кыргызстандын дээрлик бардык аймактарында абанын температурасы климаттык нормадан 1…2 градуска жылуу болот.
Чүй
Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…2 градус жогору болуп, -1...+1 градуска жетет. Тоо этектериндеги райондордо жана Кемин өрөөнүндө -3…-5 градус суук болору айтылды.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 0…-5 градус сууктан -7…-12 градус суукка чейин, күндүз -2...+3 градустан 6…11 градуска дейре жылуу болушу ыктымал.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан арбын болушу күтүлөт.
Талас
Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1-2 градус жогору болуп, сууктун күчү -1…-3 градуска чамалап барат.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -1…-6 градус сууктан -8…-13 градус суукка чейин, күндүз -3...+2 градустан 5…10 градуска чейин жылуу болот.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан арбын болушу ыктымал.
Ош, Жалал-Абад жана Баткен
Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1-3 градус жогору болуп, 0…2 градус жылуу болору айтылды. Тоо этектериндеги райондордо -2 градуска дейре суук болушу мүмкүн.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -1…+4 градустан -2…-7 градуска чейин суук болот. Ал эми күндүз 6…11 градуска дейре жылуу болушу ыктымал. Тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн -4…+1 градустан -5…-10 градуска дейре суук болот. Күндүз болсо -2...+3 градустан 4…9 градуска чейин өзгөрүп турат.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан арбын болушу ыктымал.
Ысык-Көл
Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп, -1...-3 градус суук болору айтылды. Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында -5...-7 градуска чейин жетет.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -3…-8 градустан -10…-15 градуска чейин түшөт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот.
Нарын
Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп, сууктун күчү -12…-14 градуска барат.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -13…-18 градустан -20…-25 градуска дейре суук болот. Ал эми күндүз -8…-13 градус сууктан -2…-7 градуска чейин өзгөрүп турат.
Ат-Башы районунда абанын температурасы түнкүсүн -28 градуска дейре жетет. Күндүз -5...-10 градус суук болот.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан арбын болушу мүмкүн.
Aryba.kg