“Бизге асыл тукум уй келди”
Кыргызстан токой жана жер пайдалануучуларынын ассоциациясы 2010-жылы ачылган эле. Ассоциация Норвегия токой колдоо уюму менен да бир топ жыл өнөктөш болуп иштеген. Мына ошол иштин бир натыйжасы асыл тукум Норвегия кызыл уйунун Кыргызстанда турукташып, жашап жатышы.
Норвегия – негизинен мал киндиктүү, тоолуу өлкө. Андагы фермерлер да малга абдан жакшы мамиле жасашат. Мисалы, Норвегия кызыл букасын -- асыл тукумун алууда атайын конкурс жарыяланып, 250 миң букадан 12син гана тандап алышкан. Анан аларды 40 жыл изилдешип, тукумун улап олтуруп, акыры мындай асыл тукумду чыгарышкан экен.
Максим Чешев, ветеринардык дарыгер:
-- Норвегия кызыл уйу мекенибизге кандайча алынып жатат, бизде анын атаандаштары барбы?
-- Ооба, Норвегия кызыл букасынын уруктары келгенден бери бир топ убакыт болду, айтылгандай эле ал баардык артыкчылыктарын көрсөтүүдө. Сүт багытындагы уй катары сүт алып, ага болгон кызыгууну пайда кылып жатат. Музоосу чакан туулганы менен баардык нерсеге чыдамдуу, иммунитети жогору болорун көрдүк. Башка асыл тукум уйлардан Голстин-австриялык жана Бура-шведская деген породаларга татыктуу атаандаш боло алганын ишенимдүү айта алам. Биздин малдарды уруктандырууда бир малга 1,5 доза сарпталат, бул фермер үчүн 1000 сомдой чыгашаны түзөт. Эгерде биздеги кадимки суткасына 5-7 литр сүт берген уйду Норвегиялык асыл тукумга аргындаштырсак, ал суткасына 15 литр сүт берип баштайт.
Айткул Бурханов, Кыргызстан токой жана жер пайдалануучуларынын ассоциациясынын генералдык директору: --- Азыр Норвегия кызыл букасынын тукумун республикабызда жайылтуу жолго түшүп калды. Бир нече областтарда адистерибиз асыл тукумду жайылтуунун үстүндө аракет кылып иштеп жатышат. Кызыккан фермерлер болсо, түз эле биздин ассоциацияга кайрылышса болот, биздин адистер консультациялык жана практикалык жардамдарын беришет. Суроо талап бар, кызыгуулар болууда. Мындайча айтканда, Норвегия кызыл уйунун асыл тукум мал катары Кыргызстанда жашап кетишинин келечеги бар.
Жакында эле Норвегия кызыл уйларынын Кыргызстанда жайылтылуу абалы менен таанышуу максатында Норвегиянын Борбордук Азия боюнча элчиси Оле Йохан Бөрней мырза келип, жасалып жаткан ишти жакындан көрүп, жыйынтыгына ыраазы болуп кайтты.
-- Асыл тукум уйдун дагы кандай артыкчылыгы бар?
-- Асыл тукум Норвегия кызыл букасынын тукумунан алынган уйдун сүтү мол, биринчи тууттан кийин суткасына 50 литр (жылына 10 миң литр) сүт берет. Музоосу кичинекей жана жеңил туулат. Туулган музоолор тың, тез жетилип, сырткы чөйрө таасирлерине чыдамкай келет. Түздүктө жана тоолуу жерлерде багууга ыңгайлуу дагы. Бул анын иммунитетинин күчтүүлүгү менен айырмаланат.
Жамиля НУРМАНБЕТОВА
"Азия Ньюс" гезити