Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Маркум Каныбек Исаковдун аты ОшМУга коюлса маңкуртчулукпу?

Маркум Каныбек Исаковдун аты ОшМУга коюлса маңкуртчулукпу?

25-февраль, 19:35
2 251 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Коом барган сайын бузулуп, маңкуртчулук улам күчөп баратканы ырас. Эми ошол сабатсыздык, билимсиздик базардан университетке чейин жеткенине таңгалып отурабыз. 

Ош облусунан Кыргызстандын тарыхында көрүнүктүү орунду ээлеген, 1927-жылдан 1937-жылга чейин он жыл Кыргыз АССРнин Борбордук аткаруу комитетинин президиумунун төрагасы болуп иштеген Абдыкадыр Орозбеков  сыяктуу кыргыз мамлекетин түптөгөн, 33 жыл Кыргыз ССР Жогорку Советинин төрагасы болгон Төрөбай Кулатов, 10 жыл Кыргыз ССРнин Коммунистик партиясынын Борбордук комитетинин 1-катчысы болуп эмгектенген Исхак Раззаковдор бар. Кийинки жаңы тарыхта Абсамат Масалиев, Насирдин Исановдун өз орундарын жашыра албайбыз. Адабият, илимге эмгек сиңирген Мурза Гапаров, Сооронбай Жусуев, Салижан Жигитов, Кадыркул Даутов, Абдыганы Эркебаев,   Абыт жана Осмонакун Ибраимовдор да өзгөчө орунда турушат. Ушундай улуу инсандардын эмгектери бааланбай, Ош университетинин сабаты жакшы жоюлбаган ректору Кудайберди Кожобеков башында туруп, көпчүлүк жамааты “мурдагы ректор Каныбек Исаковдун атын Ош мамлекеттик университетине коёбуз” деп демилге көтөрүшүп, Ош шаардык кеңешине сунуш беришиптир. Шаардык кеңеш болсо ураалап колдошууда. Бул маңкуртчулуктан улам келип чыгып жатат да, туурабы? Депутаттарга сөз жок, бу ОшМУнун жетекчилиги, коллективи тарыхты билишпейт окшойт, болбосо жогорудагы улуу инсандардан ортозаар адабиятчы, илимде “эптемей” из калтырган Каныбек Исаковду жогору коюшуп, анын атын коюуга дарбышпайт эле го?.. 

Албетте, Каныбек Исаков ОшМУга эмгек сиңирген, бирок, А.Орозбеков, Т.Кулатов, И.Раззаковдор болбосо ОшМУ болот беле? Бир ойлонуп, акыл калчап көрүшпөйбү, же сөзсүз эле ал университетке өзүн “Оштун ханымын” деп эсептеген Мелис Мырзакматовдун кишисинин аты коюлуш керекпи? Абсурд! 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер