Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Нуржигит Кадырбеков: "Учурда маданиятты, тилди сактап калуу өтө маанилүү"

Нуржигит Кадырбеков: "Учурда маданиятты, тилди сактап калуу өтө маанилүү"

18-декабрь, 11:42
1 460 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Сиздин жеке жарандык көз карашыңыз министрлик ишиңизге таасир этиши мүмкүнбү?

-- Албетте, таасир этет. Жеке көз караш, ой, аракеттердин негизинде коомдук-мамлекеттик иштер жүргүзүлөт. 

-- Кыргызстандын маданият жаатындагы багыты боюнча кандай пландарыңыз бар? 

-- Маданият тармагы каражатка муктаж эмес, кирешелүү, керек болсо донор тармакка айланышы керек. Ал үчүн бир канча маселе чечилиши керек. 

1) Бюджет кодексинде тапкан кирешенин баарын мамлекет алып коё турган шарт бар. Ошону жокко чыгарып, мурдагыдай атайын эсепке салуу зарыл. 

2) Тендерлер боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүү керек. Антпесе, тендер ишке өтө бөгөт коюп жатат. Маселен, опера-балет театрына Россиядан балерина  чакырыла турган болсо, ага да тендер өткөрүү керекпи?! Маданият министрлигине тендердин муктаждыгы жок экен. 

3Өнөр адамдарына жер-жерлерде курстарды ачып, өз кесиби боюнча кошумча каражат табууга мүмкүнчүлүк түзүү. Мамлекеттен чектелген айлык акы жетишсиз да. 

4Жол жээгиндеги кафе, май куюучу жайларды милдеттүү түрдө заманбап даараткана курдурууга токтом долбоорун даярдадык. Анткени маданият дааратканадан башталат эмеспи. Четтен келген туристтер үчүн дааратканадагы тазалык өтө маанилүү.

5) “Өзүңдү тааны деген долбоор. Маданият кызматкерлеринин милдети  элди адеп-ыйманга чакырып, элдин духун көтөрүү. 

-- Маданият кайсы жерден бүтүп,  антимаданият кайсы жерден башталышы мүмкүн? 

-- Маданият бирөөнүн муктаждыгын чечип, жакшылык кылуудан башталат. Башкача айтканда, маданият  бул адамдык деген эле сөз. Жакшы сөз, жакшы амал, жакшы кадам дегендерди маданият деп түшүнөм. Антимаданият деле ниеттен башталат. Ага бирөөнүн көңүлүн түшүрүү, тепселөө, шагын сындыруу деген нерселер кирет. 

-- Маданият тармагын башкаруудагы эң маанилүү нерсе катары эмнени билесиз?

-- Башкаруу  иретке келтирүү деген эле мааниде. Иретке качан коюлат? Эрежелер, мыйзамдар, токтомдор иштелип, аткарылганда коюлат. Башкаруунун өзүнүн мыйзамдары бар. Алар: адилеттүүлүк, иштеген адамдын көңүлүн көтөрүү жана аларды ишке кызыктыра билүү. Ишти өкүмзордук менен эмес, стимул, мотивация менен алып барган жакшы. 

-- Азыркы кыргыз коому сиздин көзүңүз менен?

-- Азыркы кыргыз коому өзгөчө бир акыбалда. Бир жагынан Советтер союзу жок болгон менен, ал  дагы деле жашап атат. Андагы аң-сезим, кулк-мүнөз, көндүмдөр азыр деле бар. Бизге бирөө баарын даярдап бериш керек деген ойдогулар бир топ. Ошол эле мезгилде дүйнөлүк процесстерге аралашып атабыз. Чыгыш менен Батышты көргөн жаштар арбып атат. Алар бир жагынан үмүт арттырса, экичи тарабынан улуттук маданиятка бир аз коркунуч жараткандай сезилет. Технология өнүккөн кезде көз аркылуу көргөн нерселер жүрөккө орноп, алар иш-аракеттер менен сыртка чыгып атат. Мындай кезде өтө дыкат болуп, маданиятты, тилди сактап калуу аябай маанилүү. 


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер