Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бишкектеги булганган абадан кантип арылсак болот?

Бишкектеги булганган абадан кантип арылсак болот?

10-декабрь, 11:46
1 366 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Эколог Арстан Кадыров менен учурдагы эң көйгөйлүү маселеден кеп кылдык.

-- Абанын булгануу көйгөйүн чечүү мүмкүнбү? Кайсы өлкөлөрдү, шаарларды мисал келтиресиз?

-- Абанын булгануу маселесин чечсе болот. Бирок, ал бир беткей чечилбейт. Комплекстүү түрдө иш алып барыш керек. Биринчиден, бактын санын кескин көбөйтүү маанилүү. Бишкекте бак тигилет, бирок каралбайт. Сугат системасы жакшы ойлонулган эмес. Көп арыктарда бактарды сугаруу системасы жок. Экинчиден, Бишкектин мындан аркы курулуштарын пландаштырганда, шамал көчөлөрдү көзөп өткөндөй мүмкүнчүлүк калтырыш керек. Үчүнчүдөн, автоунаалардын баарына иштетилген газдардын катализатору бар болуусу боюнча талап киргизүү керек. Төртүнчүдөн, ЖЭБдин көмүрүнүн сапатын караш керек. Кара-Кеченин көмүрү көп таптуу эмес. Себеби, ал көмүр геологиялык абалына жетиле элек. Ошол себептен көп түтүн чыгарат. Бешинчиден, жылытуу системаларды бара-бара көмүрдөн газга жана электр энергиясына которуш керек.

Европа өлкөлөрү көп жылдан бери абанын булгануусу менен күрөшүп келе жатат. Ушул чаралардын баарын колдонгон үчүн иштеринде жылыш бар. Анан үйлөр менен имараттарды альтернативдүү энергия менен жылытышат. Күндүн нуру менен иштеген панелдер, күн менен суу жылыткан коллекторлор орнотулган. Үйлөрү заманбап изоляция материалдары менен жакшы жылууланат. 

-- Аба булгануусунун адамзатка, айлана-чөйрөгө, азык-түлүккө тийгизген кесепети кандай?

-- Булганган аба адамдын ден соолугуна абдан терс таасир берет. Себеби, анда көмүр кычкыл газы көп, кычкылтек аз. Өпкөгө, жүрөккө жана көзгө абдан зыяны тийет. Башка ооруларды дагы козгойт. Кытайдын көп шаарларында айла жоктон адамдар беткап тагынат. Кычкылтек жаздыктар аркылуу дем алышат. Бактар кургай баштайт. Жердин түшүмдүүлүгү кескин азайып, кунарсыз жерге айланат. Булганган абада өскөн мөмө-жемиштер да адамдын ден соолугуна зыян алып келиши мүмкүн.

-- Өкмөт, жеке секторлор бул проблеманы жолго коюу үчүн эң ириде эмне кылышы керек?

-- Жогоруда айткандай, башка өлкөлөрдүн тажрыйбасынан алынган иш-чаранын баарын колдонушу керек. Элдер дагы үйлөрүн сыртынан жылуулап, жылытууга кетирген энергияны үнөмдөшү зарыл. Өкмөт электр энергиясын арзандатып жана аны менен жетиштүү көлөмдө камсыз кылса, көпчүлүк эл электр энергиясы менен үй жылытууга өтмөк. 

-- Бишкекте аба булганышынын ар түрдүү себептерин айтып келишет. Эң көп эмнелерден булганып атат?

-- Автоунаалардан чыккан газ түтүнү, ЖЭБдин түтүнү, жаңы конуштардагы от жагуу – үчөө тең эң көп себепкер болууда. Бактар көп кыйылды. Орду тигилгени менен алар көптө чоңоёт. 

-- Бишкекте абанын булгануусун жөнгө салуу боюнча кандай иштер жүрүп жатат, кабарыңыз барбы?

-- Эң биринчи жана негизги күрөшүү методу бул – бактарды азыркыдан эки эсе көбөйтүү. Керек болсо Япониядай, кабат үйлөрдүн үстүнө дагы бак өстүрүш керек. Имараттардын ичинде фитодубалдарды уюштурса болот. Азыр парк көбөйтүүгө аракет болуп жатат. Бирок, бизге жалбырагы жазы, бат өскөн бактар керек. Азыркы бактар канча жылда чоңоёрун билбейм.

Бишкектин башкы планында “роза ветров” айлангандай шарт түзүүсү дагы күмөн болуп турат. Жадагалса “Бишкектин өпкөсү” болгон ботаникалык бакча каралбай жатат. Сугарылбай, соолуган бактар бир нече жолу өрттөндү. Ботаникалык бакчаны жакшы сугарып, караса, абаны бир топ эле таза кармаганга таасир бермек.


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер