Исхак Масалиев, ЖК депутаты: “Мыйзамсыз берилген жерлер сот аркылуу жокко чыгарылышы керек”

-- Исхак Абсаматович, буга чейин жеке имараттарды курууга берилип кеткен Ататүрк паркына таандык жерлерди кайра кайтаруу боюнча демилге көтөрүлүп келет. Мындай аракеттер буга чейин да бир топ жолу болуп, бирок натыйжа чыккан эмес. Кандай дейсиз, бул жолу мэрдин аракети ишке ашабы?
-- Негизи, демилге жакшы. Эгерде ошол жерлер убагында мыйзам бузуу жолу менен берилген болсо, анда кайра кайтарылышы керек. А эгер мыйзам чегинде берилсе, анда кайра эле мыйзам бузуу менен алынган болот. Мэр “мен тапшырма бердим. Тийиштүү органдарга, керек болсо прокурорго, сотко тийиштүү кагаздарды жиберебиз” дейт. Себеби мындай да, ар бир келген мэр мурдагы шаар башчынын чечимдерин жокко чыгара берсе, анда бийликтин табиятына доо кетет. Андыктан, бир гана жолу бар, соттун чечими менен жокко чыгарса болот. Экинчиден, ал тамдарды кургандар, мейли ал байбы, кедей болобу, өз убагында архитектурадан уруксат алып курган. Аны жокко чыгаруу үчүн олуттуу негиз болуш керек. Аларга жумшаган каражатын төлөп берип, же башка бир мүмкүнчүлүгүн табуу кажет.
-- Бирок, паркка таандык жерлер берилбеши керек эле да?
-- 2002-2003-жылдары биз, эл өкүлдөрү жыйынын депутаттары турак жай салуу үчүн жер сурап кайрылсак, мэрия азыркы “Манас” университети жайгашкан жердин жанынын участок берген. Алардын айрымдары дале ошол жерде жашап жатышат, кээ бирөөлөрү кийин сатып жиберишти. Ошондо беш-алты депутат, билбейм, алар өтө акылдуу беле, же бийликке жакын болушканбы, Ататүрк паркынан жер алышкан. Мен таңкалгам, “паркка таандык жерди кантип берди?” деп. Көрсө, боло берет экен да. Бирок, кургандардан айып табыш кыйын. Себеби, алар өздөрү барып басып алышкан жок да.
-- Аябай кызык кырдаал түзүлүп атпайбы. Себеби, бир жагынан алар мыйзамдуу алышкан, экинчи жагынан болсо, ал жерлер берилбеши керек болчу...
-- Ошон үчүн ал чечимдерди сот аркылуу жокко чыгарыш керек. Экинчиден, мөөнөт деген түшүнүк бар. Он-он эки жыл мурда берилген болсо, сот кантип кайра кайтарат, билбейм. Андай болсо биз буга чейин сатылган мамлекеттик мүлктү да кайтарганга жол ачабыз. Мен ага каршы эмесмин.
"Азия Ньюс" гезити