Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Талант Батыралиев: “Пандемияга ооруканалар даяр эмес, кышта кыйналабыз”

Талант Батыралиев: “Пандемияга ооруканалар даяр эмес, кышта кыйналабыз”

25-октябрь, 02:05
1 242 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Ар бир күнү беш адам арабыздан кетип жатат. Беш жүздөй адамдан илдет аныкталууда. Бүгүн биздин медицина илдет менен күрөшүүгө даярдыгы кандай?

-- “Шайлоо” деп бүт аткаминерлер аламанга кирип кетишти. Даярдык үчүн кайсы аймак дарыгерге муктаж болсо, ошол жакка дарыгерлер барышы керек. Ал эми 5800 сом айлык акыга биздин дарыгерлер ал жакка барышпайт. Анүчүн маянасын жогорулатып, үй-жайын дайындап берүү шарт. 

“25-августка карата бүтөт” деген бейтапканалардын бири да бүткөн жок. Республикалык деңгээлдеги жооптуу кызматкер шайлоодо ишин таштап кетип калып, эл кароосуз калды. Митингдер күн сайын кайталанып жатып, ансыз да кетпеген коронавируска шарт түздүк. Дарыгерге кайрылган адамдардын санын гана көргөзүп, дарт азайып калгандай түр көрсөттүк. Аткаминерлердин баары эле жоопкерчиликти элге оодарып, “эл өзү бузуп жатпайбы” дегендери туура эмес. Пандемия деген бул – бир вирустун адамзатка болгон согушу. Согуш дүйнөгө тараганы үчүн пандемия деп аталды. Эпидемияда жетектөөнү бир мамлекет өткөрөт. Ошондуктан элге шылтабай, керек болсо Кытайдагыдай, Түндүк Кореядагыдай же Америкадагыдай ыкманы колдонуп болсо да, элди коргой турган система керек.

Элге шылтап коюп эле “көбөйүп жатат” десе, анда “референдум өткөрүп, пандемия менен күрөшөлүбү?” деп сурагыла. Ансыз деле биринчи толкунда карапайым калк дары-дармекти бүт өздөрү сатып алды. Өздөрүн өздөрү камсыздады. 

Мына азыр кыш жакындап калды. Кышта ооруканалардын баары терезелерин суук кирбесин (!) деп болушунча бекитип, форточкалары да ачылбайт. Вентиляциялар иштебейт. Бөлмөдө кычкылтек жетишсиз. Айрым ооруканаларда керектүү аппараттар жокко эсе. Анда эмненин даярдыгын кылдык? Түшүнүксүз.

-- Кандай сунуштарыңыз бар?

-- Бейтапканаларга жетпеген нерсенин баарын тез арада камсыздаш керек. Кечээ шайлоого кетип калып, кайра шайлоодон өтпөй калса иштеп калуу болбойт. Бул элге болгон чыккынчылык. Пандемия убагында жетекчилердин жоопкерчилигин күчөтүш керек. Конкреттүү түрдө элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, катуу көзөмөл, талап коюу шарт. Телеге чыгып алып, “эл өзү сактабай жатпайбы” деген туура эмес. 

Толкундардан деле адашып калдык. Бул абалда өтө жогорку деңгээл керек. Пандемия – бул согуш талаасын элестет. Бийлик алмашабы-алмашпайбы, ишти улантып туруу өтө зарыл иш. Баарын жаш дарыгерлерге түртөө салууга болбойт. Жалпы дарыгерлерге дем, күч, шык берип, болушунча аларды материалдык жактан камсыздап, камкордук көрүп, болгон дараметтери менен элге кызмат кылууга шарт түзүшүбүз керек. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер