Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айгүл Баратова: "Таргетолог болсоң-кирешеге бөлөнөсүң..."

Айгүл Баратова: "Таргетолог болсоң-кирешеге бөлөнөсүң..."

19-октябрь, 02:20
2 750 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Изденгендер акыры өз жолун таап, ийгиликтерди жаратышат. Таргетолог адистигин кыргыз тилинде жеткирип, кыз-келиндерди окутуп, алардын иштерин алдыга сүрөгөн кызыбыз Айгүл Баратова менен маектештик.

-- Айгүл, алгач таргетолог кесиби боюнча түшүнүк бере кетсең?

-- Таргетолог – бул СММ тармагындагы реклама боюнча кызмат көрсөткөн адис.

“Таргет” сөзү "максат", "маңыз" деп чечмеленет. Орточо эсеп менен бир кызмат акысы 5000 сомдон 20000 сомго чейинки сумманы түзөт.

-- Кандай кызматтарды көрсөтө алат?

-- Сиздин МА (максаттык аудиторияңызды) аныктайт. Сиздин товар же кызматыңызды алган адамдарды табат. Сатууну он эсе арттырат. Өнүгүү  стратегиясын көрсөтөт. Сиздин  аккаунтка анализ жасайт.

-- Буга кандайча кызыгып калдың, кантип иш баштадың?

-- Учурдун талабы менен таргетолог адистиги боюнча кыргызча макалаларды жазып келген жалгыз аккаунттун авторумун десем болот. Үй-бүлөдө бир эле адамдын кирешеси бүт жагынан камсыздай албайт, а XXI кылымдын мүмкүнчүлүктөрү аялдар үчүн да чоң жол ачып берет. Ар дайым эле үйдө болуу – аялды алсыроо, чарчоо, стресс, депрессияга алып келет. А сүйүктүү кесибиңиз, хоббиңиз болсо, жашоо алда канча кооз, керемет жана толук экенин сезе аласыз. 

Интернет булактарын карап отуруп, 2018-жылы кошумча киреше табуу жолун өздөштүрө алдым. Онлайн курстар, марафондор, изденүүлөр чыгармачыл адамды курчута алды. Негизи өзүм философия адистигин бүткөм. Башында инстадизайнер (баракчаны кооздоо, көрк берүү) боюнча курс жазып, андан курска кардар табуу максатында таргетолог издедим. Кыргызстанда эмнегедир бул кесип өтө өнүккөн эмес, ошол себептен казак адистерине байланыштым. Бул абдан кейиштүү нерсе. Биз келишим түзүп, бирок натыйжа болгон жок. 

Кандай бизнес баштабайын, таргетке келип такалып калды. Акырында өзүм үйрөнүп, бизнесиме колдоном деп сабактарга жазылдым.  Бул адисттик менин жүрөгүмдөн орун алды. Бара-бара "интуитивный (туюмдуу) таргетолог" курсун жазып, 100дөн ашуун кыз-келиндердин бизнесин өнүктүрүүгө  салым кошуп келем. Учурда билимимди дагы да өркүндөтүү максатында @target_school баракчасынан "Счастливый таргетолог", "Масштабирование" курсун окуп жатам. Бир жылдык планымда жеке онлайн мектеп ачуу каралган.

-- Кыргызстанда таргет канчалык деңгээлде өнүккөн?

-- Кыргызстанда таргетолог адистиги боюнча алган билимиме канааттанган жокмун, ошондой эле кыргыз тилинде жалгыз эле @iakademiya баракчасынан окуса болот. Тереңдетип окуп, сүңгүп, таргетолог кызматы менен нан табуу үчүн өтө изденүү, акыл эмгеги, талыкпас мээнет керек.

-- Таргетке кызыккандар көппү?

-- Таргет – бул бизнестин мээси, жүрөгү деп айтылат. Ар бир бизнес кылам деген адам жок дегенде өз бизнесинин өнүктүрүү жолун үйрөнүшү керек. Менин окуум тез арада натыйжага жеткиргени үчүн күн сайын курска окугандардын саны өсүүдө. Бул адистик өтө кирешелүү болгондуктан, курсту бүткөн кыз-келиндер  билимин дагы бышыктап, кошумча киреше таап жатышат. Эмгегиңдин үзүрүн көрүү – бул адамды ырахатка бөлөгөн күчтүү касиет.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер