Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бекболот Талгарбеков: «Саясый куугунтук боюнча мамлекеттик комиссия түздүрөбүз»

Бекболот Талгарбеков: «Саясый куугунтук боюнча мамлекеттик комиссия түздүрөбүз»

15-октябрь, 13:58
1 802 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Экс-министр менен маек.

-Бекболот мырза, 5-октябрдагы окуянын себептери эмнеде?

-Бул окуя эртели-кеч болорун айтып келе жатканыма тогуз жыл болду! Баары ачык, документ түрүндө гезиттерде сакталып турат. 

-Аларды эске салсаңыз?

-Алгачкы коңгуроону 2011-жылы эле «Кыргызстанды кара туман каптап турат»   деген макаламда каккам («Майдан», 09.11.2011-ж.). Анда президенттикке талапкер Алмазбек Атамбаевдин убадаларын жазгам. Биринчи убадасы – «жыргатам, гүлдөтөм». Ал убада аткарылмак түгүл, өлкөнү аңга тыкканы белгилүү. Экинчи убада – «алты жылдык мөөнөтүмдө Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолун куруп бүтүрөм». Бул да аткарылбады. Үчүнчү убадасы – «кыргыз деген улутту жок кылам». Ырас, бул убадасын аткарды! Паспорттон «улуту» деген графаны жогото алды. Агезде менин коңгуроомду эч ким укпады. Атамбаев президент болуп шайланды. Экинчи ирет, 2012-жылы, ал өлкөнү иритип-чиритип жатканда, төмөнкүдөй жаздым: «Атамбаевде эми эки жол бар. Биринчиси, мамлекетти башкарган түр көрсөтүп, чалагайым, кымгуут иштерин уланта берүү. Каршы чыккандарды шылтоо таап каматуу, соттотуу. Экинчиси, эл талабына кулак төшөп, оппозиция жана коомчулук менен акылдашып, жаңы Конституцияны кабыл алуу. Анархиялык системаны таштап, жоопкерчиликтүү системаны тандоо. Жаңы президенттик шайлоого жол ачуу. Шылтоо таап кызматын өткөрүп берүү» («Майдан», 16.05.2012-.). 

-Учурдагы абал дал ошол сегиз жыл мурдагы абалга окшош турбайбы?

-Туура айтасыз. Андан кийин 2013-жылы дагы «Атамбаев – кыргыз элинин трагедиясы» деген маегим чыкты («Жаңы Ордо», 19.04.2013-ж.). Анда «жакынкы келечек тууралуу пикириңизди уксак?» деген суроого: «Башкы эки маселени чечүү зарыл. Биринчиси – Атамбаевден кутулуу, экинчиси – Башмыйзамды өзгөртүү» деп жооп бергем. Ал эми 2014-жылы «Атамбаев – миң жылда бир келчү кырсык» аттуу маегимде Илмияновдун, Атамбаевдин өлкөнү кантип талкалап жатышканын көптөгөн фактылар менен далилдеп бердим («Азия Ньюс», 10.04.2014-ж.). Кийин, 2016-жылы чыккан маегимде «Атамбаев Кыргызстандын канын соруп салды» деп ачуу чындыкты дагы жарыяладым. Атамбаевге «токтоосуз өз эркиң менен отставкага кет!» деп кайрылдым («Искра», 26.04.2016-ж.). Бирок, чексиз көпкөн президент мени каматуу ишине киришти. Агезде Атамбаев «төңкөрүш жасашмак» деген жалаа менен бир топ саясатчыны (мени дагы) каматып, соттотподубу. Мен буларды эмне үчүн эскердим? Кечээки, 5-октябдагы окуянын өтүшүнүн башкы себептери – бул, биринчиден, 2010-жылы кабыл алынган Башмыйзамга ылайык Кыргызстанда орнотулган башаламан, чакчелекей, жоопкерсиз, илимий тил менен айтканда, анархиялык мамлекеттик башкаруунун өлкөнү сазга тыккан, туңгуюкка алып келген зор кесепети. Экинчиден, президент Алмазбек Атамбаевдин 2011-17-жылдардагы кыргыз элине кас, кыянат иштеринин натыйжасы. Түбү 5-октябрдагы окуяга сөзсүз келмекпиз. Ал эми 4-октябрда өткөн ыплас парламенттик шайлоо болгону шылтоо болуп берди. 

-Ал окуянын келип чыгышына президент Сооронбай Жээнбековдун канчалык тийешеси бар?

-Жээнбеков мурдагы соратниктеринен. Атамбаевден баш тартып, алардын анык жүздөрүн ачып, зор иш жасады. Бирок, өкүнүчтүүсү, Атамбаевдин «көчүнөн» баш тарта албады. Буга саясый эрки жетпедиби, же интеллектисиби, же?.. Эми бул суроолордун мааниси жок. Өзгөртпөй сактап келген анархиялык система акыры анын башын жутмак. Ошол себептен моралдык жоопкерчилиги бар. Бирок «өз арызым менен президенттиктен кетем» деген билдирүүсү анын моралдык күнөөсүн кыйла жеңилдетти. 

-Ошондо 5-октябрдагы окуяга кандай баа берсек болот?

-Нагыз бааны эл жана тарых берет. Азыр биз берген баа, албетте, субъективдүү. Менин баам боюнча, 5-октябрда укуктук жактан алганда, мамлекеттик төңкөрүш болду. Ал эми саясый жана моралдык жактан, чыныгы элдик төңкөрүш! Ал жеңишти кыргыз элине баатыр жаштар алып беришти. Алардын эмгеги сөзсүз бааланышы керек. Баткендик жаш жигит Үмүтбекке «Кыргыз Республикасынын Баатыры» деген наам ыйгарылышы зарыл. Коомчулуктун 5-октябрдагы окуяны «Үмүт төңкөрүшү» деп баалашы таамай болду. Жаштар жеңди, бирок эл жеңишке жетише элек. Үмүт гана жаралды. 

-Садыр Жапаровдун өкмөт башчысы болушун, анын кадамдарын кандай баалайсыз? 

-Жапаровдун бийлик башына келиши мыйзам ченемдүү көрүнүш. Ал бүгүнкү күндө жаңылануунун символу. Бирок, Ала-Тоо аянтында 6-октябрда анын «биз президенттик башкаруу киргизебиз, бир мандаттуу аймактык парламенттик шайлоо системасына өтөбүз» дегенин угуп, «эми тополоң башталат экен» деп божомолдогом. Ошондой болду. Анткени, партиялык система «өлүп», анын ордуна «бир мандаттуу округдардан шайлоо өткөрүлөт» деген бул – Өмүрбек Бабанов, Темир Сариев, Аида Касымалиева, Рыскелди Момбеков, Жанар Акаев, Жеңиш Молдокматов, Эльвира Сурабалдиева сыяктуу саясатчылар үчүн «смертный приговор» эмеспи! Аларга окшогон далай саясатчылар партия системасы турганда «королдор», «ферздер», «слондор». Ал эми партия системасы «өлгөндө» алар башкалар сыяктуу эле шайлоо алдында «пешкаларга» айланышат да. Ошол себептен, алар катарына Атамбаев, Текебаев, Отунбаеваларды кошуп алышып, убактылуу бийлик үчүн эмес, дал ошол «партиялык система» деген «кормушканы» сактап калыш үчүн айыгышкан күрөшкө чыгышты. Бирок, төңкөрүшчү жаштардан 9-октябрда тепки жеп, куулуп, оор жеңилүүгө дуушар болушту. 

-Жаштардын жеңиши уурдалбайбы?

-Толук мүмкүн. Ал жеңишти жокко чыгарууга учурда кыйла аракет жасалууда. Анархиялык, коррупциялык системаны колдон чыгаргысы келбеген саясатчылар алгачкы шок абалдан өтүп, күчтү жыйнап, кайра каршы чабуулга өтүштү. 

-Мисалы…

-Айрымдарын айтайын. «Биримдик» жана «Мекеним Кыргызстан» партияларынан талапкер болушкан учурдагы ЖК депутаттарынын жаңы премьер-министрди бекитүүдө «мышык-чычкан» оюнун көрсөтүшүп, кийин «анын шайланышы легитимсиз» деп чуу салып жатышы; 5-октябрдан бери жүрөктөрү түшүп коңулда отурушкан анархиялык системанын «анык жоокерлери», башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов жана Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеванын эч нерсе болбогондой кайра кызмат орундарында кайтып келиши; «Сооронбай Жээнбеков азыр отставкага кетсе эле, анда Кыргызстан дароо жок болот» деп президенттерди аңга түрткөнгө кыныгышкан кошоматчылардын армиясынын пайда болушу; «Үмүт төңкөрүшүн» жактагандарды соцтармактарда ит таламайга алуу; «Азыркы оор кырдаалда мамлекеттик башкаруу системасын өзгөртүүнүн кажети жок, ушул эле партиялык система менен шайлоону кайра өткөрүү зарыл» деген айрым саясатчылардын былгытма оюндары. Ал гана эмес, эки-үч күндөн бери 4-октябрда өткөн шайлоону «мыйзамдуу» деп таанууга күжүрмөн аракет жүрүүдө. «Чимкирик» парламенттин бир топ депутаттары «Мекеним Кыргызстан» партиясын шайлоодон четтетип, ал эми калган алдыңкы беш партияны «өттү» деп эсептетип, Боршайкомдун чечимин чыгартууну көздөшүүдө. Бул процесс күндөн-күнгө күчөп баратат жана төртүнчү төңкөрүшкө жол чабылууда. Кыязы, төңкөрүшчү жаштар кайра чогулууга аргасыз болушат го...

-Садыр Жапаров алдыда кандай кадамдарды жасашы керек?

-Алар белгилүү. Албетте, биринчи кезекте коопсуздукту чыңдоо, туруктуулукту орнотуу. Ошону менен бирге төңкөрүштүн максаттарын токтоосуз ишке ашыра баштоо. Тезинен конституциялык кеңешмени түзүү. Кеңешме бир айдын ичинде Башмыйзамдын эки вариантынын долбоорлорун (президенттик жана парламенттик башкаруу) иштеп чыкса, аларды жалпы элдик талкууга коюу. Андан кийин аларды референдумга алып чыгуу. Анын жыйынтыгына жараша жаңы шайлоолорду өткөрүү. 

-Жапаров «президенттик башкаруу киргизебиз» деп жатпайбы...

-Бул пикирге кошулбайм. Эки долбоор даярдалышы зарыл. Бирөө президенттик башкаруу, экинчиси парламенттик башкаруу боюнча. Эл өзү тандабаса, анда талаш-тартыштар түгөнбөйт. 

-Жаңы Башмыйзам боюнча сизде кандай сунуштар бар?

-Мен конституциялык реформа боюнча компетенттүү адис эмесмин. Андай инсандар бизде жетиштүү. Мисалы, Медеткан Шеримкулов баштаган экс-спикерлер. Мен айрым жагдайларга гана токтолоюн. Эгер Садыр Жапаров сунуштап жаткан президенттик башкаруу тандалса, анда президенттин иштөө мөөнөтү төрт жыл гана болуш керек (эки ирет шайланса болот). Премьер-министрдин кызматы жоюлат. Депутаттар да бир мандаттуу округдардан төрт жылга шайланышат. Эгер парламенттик башкаруу тандалса, анда парламенттин иштөө мөөнөтү да төрт жыл. Шайлоо ачык тизме менен өткөрүлөт жана шайлоо босогосу беш пайыздан ашпоосу зарыл. Президенттик кызмат жок болот. Депутаттардын саны, мисалы, 100 болсо, анда анын 70 оруну партияларга, 30 оруну бир мандаттуу округдардан шайлана турган партияда жок жарандарга берилиши керек. Акыркылар парламентте бир фракция түзүшү зарыл.

-Жаңы Башмыйзамга элдик курултай институтунун киргизилишине көз карашыңыз кандай?

-Бул талаш маселе. Курултай деген эмне? Бул азыркы тил менен айтканда, «парламент» деген институт да. Анда биз эки, катарлаш парламентке ээ болобузбу? Эгер элдик курултай киргизилсе, анда парламент (Жогорку Кеңеш) жоюлушу керек да, туурабы? Ушул суроолорго так жооп алмайын, элдик курултайды киргизүү жаңы башаламан мамлекеттик башкарууга алып келиши мүмкүн. 

-Жаштар талап кылып жаткан люстрация мыйзамы керекпи?

-Керек. Ал мыйзамды азыркы парламент кабыл алып бербейт. Ошондуктан аны Башмыйзам менен кошо референдумга өзүнчө алып чыгуу зарыл. 

-Маңызы кандай болуш керек?

-Менимче, «соңку 29 жылда Жогорку Кеңештин депутаттары, Жогорку соттун мүчөлөрү жана өкмөттүн мүчөлөрү болуп иштешкен жарандар кезектеги парламенттик шайлоого катышпасына макулсузбу?» деген суроо коюлса болмок (жообу «Ооба» же «Жок»). 

-Садыр Жапаров «коррупцияны түп-тамырынан бери кыркам» деп жатат. Сиз буга ишенесизби?

-Ишенбейм. Коррупциясыз жашай албаган азыркы муун саясый аренадан толук кетмейинче, коррупция күчүндө кала берет. Сооронбай Жээнбеков дагы өлкөгө тазалануу саясатын сунуштаган. Үч жылда жыйынтык кандай? Нөл. Өткүрбек Жамшитов жана Гүлбара Калиева ал тазалануу жолун акыр-чикирге толтуруп, коррупцияга каршы күрөштүн ашмалтайын чыгарышты. Элди Кой-Таш окуясы, Батукаевдин иши менен гана алаксытып келишти. Ал эми ири коррупциялык иштерден жүз чакырым алыс болушту. 

-Алар кайсылар?

-Кытайдан карызга алынган 1 млрд. 700 млн. доллардын, эксперттердин баасында 800 млн. доллары аткаминерлердин чөнтөгүнө кеткен. Бул иш ачыкталдыбы? Өлкөдөн контрабанда жолу менен чыгарылып кеткен 700 млн. доллар каралдыбы? Дача-СУ трагедиясындагы контрабандалык жүк, андан тышкары 52 жолу Гонконгдон ташылган товарлардын ээси аныкталдыбы? Кумтөр, Жерүй, дагы ондогон алтын кендериндеги коррупциялык иштер иликтендиби? Бажы, энергетика, алкоголь тармактарындагы коррупциялык схемалар жоюлдубу? Айта берсек тизме узун...

-«Үмүт төңкөрүшү» сиздерге, саясый туткундарга жол ачтыбы? Азыр акталып алсаңар болот го?

-Албетте, үмүт жаралды. Бирок, акыйкаттан дайын жок да. Өткүрбек Жамшитов менен Гүлбара Калиева орундарында. Баса белгилеп кетүүчү жагдай, биз – саясый туткундар, ууру мышыктай тымызын барып акталгыбыз келбейт. Жакында чогулуп, Садыр Жапаровго 2012-17-жылдардагы саясый куугунтук боюнча атайын мамлекеттик комиссияны түзүүнү сунуштайбыз. Анын курамына элге кадыр-баркы бар, компетенттүү адистер кириши зарыл. Ал комиссия терең, ар тараптуу изилдөө жүргүзүп, жыйынтыгын коомчулукка ачык жарыялашын күтөбүз. Саясый куугунтуктун авторлорун толук тактайбыз. Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов, Абдил Сегизбаев, Индира Жолдубаева, Айнаш Токбаева, Илим Карыпбеков, Мирлан Термечиков, Адис Момуналиев, Элмира Жумашева, Замир Калиев, Талант Аккозуев, Аида Манжиева, Чойбек Сыдыков, Тамара Тилекеева, Тынчтык Субанкулов сыяктуу жетекчилер мыйзам алдында жооп берер күнү эртели-кеч келерин биз аларга далай жолу эскерткенбиз. 

-Кимдер кайрыласыңар?

-Тойгонбек Калматов, Дастан Сарыгулов, Эрнест Карыбеков, Бектур Асанов, Кубаныч Кадыров, мен, Төрөбай Колубаев, Марат Султанов, Александр Гусев жана саруулук жаштар. Дагы кимдир бирөөлөр «саясый куугунтукка кабылганбыз» дешсе, жүйө, фактыларын даярдап, түзүлгөн мамлекеттик комиссияга кайрылышса болот. 


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер