Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Равшан ЖЭЭНБЕКОВ, коомдук ишмер: “Курсан Асанов “өмүрүмдү тобокелге салдым, мен балдардын акыбалын билишим керек” деп чырылдап жатты”

Равшан ЖЭЭНБЕКОВ, коомдук ишмер: “Курсан Асанов “өмүрүмдү тобокелге салдым, мен балдардын акыбалын билишим керек” деп чырылдап жатты”

08-ноябрь, 14:11
1 042 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссия өз ишин жыйынтыктады. Процедуралык иштер бүткөн соң, акыркы бүтүм эмки аптада парламентке жиберилери айтылды. Бирок, комиссиянын эки мүчөсү иликтөөнүн жыйынтыгы калыс чыкпаганын айтып, каршы чыгышты. Айтымдарында, укук коргоо органдарынын жоопкерчилиги каралышы керек болчу. 

Ал эми Кой-Таш окуясы боюнча ИИМдин мурдагы орун басары Курсан Асановго кылмыш иши козголуп, иш учурда аскер прокуратурасынын кароосунда. Ага “милициянын кызыкчылыгын сатты”, “өздүк курамды таштап кетти”, “өзүн пиар кылды” деген сыяктуу суу кечпеген айыптар коюлган. А коомчулукта пикир такыр башкача. Тескерисинче, Курсан Асановду “милициянын кадыр-баркын сактап калды” дешет көпчүлүк. Генералга карата коюлган жогорудагы айыптар анын барымтага алынган укук коргоо кызматкерлери менен жолугуп чыгууга аракет кылып, милициянын формасын чечип, жарандык формага которгондогу фото, видеолорду таратып, тескери максатта пайдаланышкан. Биринчи күнкү окуяга күбө болгон Равшан Жээнбеков Курсан Асанов кандайча жарандык форма кийип калганын жана ал күнкү окуяларда укук коргоо кызматтарынын башчыларынын, анын ичинде генерал Асановдун ролу канчалык болгонун айтып берди.

-- Равшан байке, 7-августтагы Кой-Таштагы окуяны баштан-аяк билесиз. Окуяда ИИМдин мурдагы орун басары Курсан Асановдун жарандык формада эл арасында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан видео, фотолорду тарап, ага ар кандайча пикирлер айылды. Ошол күнү сиз ал жерде болгонсуз, генерал кантип кызыл футболка кийип калды жана эмнеге?

-- Ооба, ал күн (7-август) окуялардын биринчи күнү эле. Чынында элдин маанайы агрессивдүү болду. Чатак чыкты. Жаңжал мындан да ырбап кетпештин алдын алып, “Таш-Мойноктун бурулушунда жүздөгөн милиционерлер менен жетекчилери турат” дешкенинен, мен “милиция менен барып сүйлөшөлү” деп КСДПнын депутаттары, мүчөлөрү болуп 5-6 адамды баштап, милициянын алдына бардык. Барсак, УКМК башчысы Опумбаев, ИИМдин орун басары Курсан Асанов бар экен. Жетекчилер ошолор экен, “сүйлөшөлү” десек, алар да макул болушту. Курсан Асанов “силер жакта 6 бала кармалып жатат, ошолорду коё бергиле” деди. Аларды коё берүү биздин колдон келбесин, алар бизди укпасын, бизге баш ийишпесин, өздөрүнчө штаб болуп, чогулуп алып, маселе чечип жатышканын түшүндүрдүк. Анда Асанов “мен барып, балдар аман-эсен экенин көрүп келейин, мени киргизгиле” деп туруп алды. Ошол жердегилер ага милиция формасы менен киргизишпесин, кийимин алмаштырышы керектигин айтышканда, менин жанымда турган Марат деген жолдош баламдын футболкасы чак келип, экөө алмаштырып кийишти. Ошол маалда арабыздан дагы бирөө айтып калды: “Эл жаалданып турат, милиция экенин бирөө таанып калса, жакшы иш болбойт. Курсандын өмүрү үчүн ким жоопкерчилик алат?” деп. Анда биз киргизгени жаткан оюбуздан баш тарттык. Курсан “өмүрүмдү тобокелге салдым, мен балдардын акыбалын билишим керек” деп чырылдап жатты. Ал нерсе болбосуна көзү жеткенде гана кайра кийимдерин алмаштырышты. Болгону ошол.  

-- Эгер милиция чогулган элге күч колдонуп, Атамбаевдин үйүндөгү УКМКнын куралдарын тартып алган элге жеткенде, анда эмне болуп кетиши мүмкүн эле?

-- Мен 8-августта Кой-Ташта болгон жокмун. Жетисиндеги окуялар боюнча деталдуу баарын билем. Эгер 7-августта милиция жана эл тараптан кандайдыр бир провокацияга жол берилип кете турган болсо, анда адамдардын жарадар болгону, мүмкүн эки тараптан тең өлгөн адамдардын саны абдан көбөйүп кетмек. Биздин “сүйлөшүү жүргүзөлү, милиция да токтотсун, биз да токтотолу” деп ММК аркылуу дагы билдирүү кылып, провокацияга жол бергизбей чырылдаганыбыздын негизги себеби ошол болчу. Милиция тарап укту, күч колдонбой токтотту, мунусу жакшы болду. Ал чечимди ким кабыл алды, билбейм. 

-- Министр Кашкар Жунушалиев штурм кылып, Атамбаевди алууга буйрук берип кеткенден кийин, буйрукту аткаруу маалында кокус Атамбаевге ок тийип каза болсо, анда мамлекеттин аброю, азыркы бийликтин абалы кандай болмок?

-- Эгерде кайсы бир жерден туура эмес мамиле болуп, адамдардын өлүмүнө чейин жетсе, айырмасы жок, ким болбосун бул иштин аягы аябагандай чатакка айланмак. Анткени, Чүйдүн тегерегиндеги айылдардын көбүнөн эл чогулуп, баш ийбеген адамдар көп болуп кетти эле. Ал жердегилердин баарын Атамбаевдин командасы, же КСДПчылар (!) деп айтпайт элем. Иши кылса, көпчүлүк карапайым эл чогулган. Ким кимге баш ийет? Эч ким билбейт. Авторитеттүү адамдар катары кимдир бирөөлөрдү угушу мүмкүн эле, бирок, жалпысынан ар ким өзүнө-өзү кожоюн болгон кырдаал болчу. Ошол себептен чатак аябагандай чоң болмок. Эмне дебейли, жыйынтыктап айтканда, бул окуялардын моралдык, саясый, укуктук баасы азыр чыкпайт. Кийинки жылдарга барып чыгат. Азыркы күндө иштеп аткан комиссия дагы, мамлекеттик уюмдар дагы Кой-Таш окуясына объективдүү саясый жана укуктук баа бере албайт. Ага келечек баа берет.


Дария БАЙКЕЛОВА

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер