Акыркы кабарлар
» Коом » Элмира Ажыканова: “Кош, быйылкы жай! Катаал жай болдуң!”
Элмира Ажыканова: “Кош, быйылкы жай! Катаал жай болдуң!”
02-сентябрь, 20:03
567 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Акын Элмира Ажыканова жай айы тууралуу жанмаанайын жолдоду.
“Кош, быйылкы жай! Жай болгонуң менен катаал болдуң. Сенин жайкалган жай экениңди эстен чыгардык. Эркин басып жүрө албай, тумчуланып, энтигип, суук кабарлардан эсибиз эки болуп, дендароо жүрүп, жайдын кереметин сезбей да калдык. Эмне ичип, эмне кийип жүргөнүбүз да маанилүү болгон жок. Акчабыз барбы-жокпу, ал деле кызык болбоду. “Кара тумандуу күндөрдөн аман-эсен чыгып кетсек” деген сарсанаалуу күндөрдө жашадык.
Кош бол, быйылкы жай! Артың кайырлуу болсун! Салабат айтам.
Келерки жылы төрт көзүбүз түгөл, жарык жүз менен жолугушалы”.