Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бектемир Мамаюсупов: “Мекен” тасмасында ар бир коррупционер өзүн көрөт”

Бектемир Мамаюсупов: “Мекен” тасмасында ар бир коррупционер өзүн көрөт”

08-август, 02:41
774 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Актёр, продюсер Бектемир Мамаюсуповдун аракети менен “Мекен” тасмасы тартылган. Кинотеатрларга коюларда бут тосуулар болуп, “маданият, маалымат жана туризм министрлиги сатыкка чагарууга тыюу салган” дейт. Ошентсе да адамдан амал качып кутулбайт эмеспи, тасма интернеттен көрсөтүлүп, көрүүчүлөр жакшы пикирлерин калтырууда.

-- Бектемир, эмнеге тасма көрсөтүлүүгө тыюу салынды?

-- Тасма 2020-жылдын 24-январында кинотеатрлардан көрсөтүлмөк. Министрликтин алдындагы департаментке кайрылып, уруксат алуу үчүн кинонун толук вариантын көрсөттүк. Негизи кыргыз кинолордун 99%ына комиссия түзүлбөй эле көрсөтүлүүгө уруксат берилет. Эмнегедир биздин кинобузга келгенде комиссия түзүлдү дагы, бизди 4-5 жолу текшеришти. Жыйынтыгында, “тасманын 2-3 жерин кесип салгыла” дешти, алардын оюнда ошол эпизод дин, улут аралык араздашуунун жаратат экен. Макул болдук. Бирок, ошондо деле министрлик тарабынан биздин кинону койдурууга кинотеатрларга тыюу салыныптыр. Азыр министрлик бул нерсени жокко чыгарып атат. Алышып жүрүп, пандемия башталып кетти, ошону менен уруксат берген күндө да коюуга мүмкүн болбой калды.

-- “100 миң доллар каражат кеткен” дептирсиз. Ал чыгымды кантип актайсыз?

-- Буга чейинки долбоорлорду ишке ашырууда 160 миң долларга чыгаша болгонбуз. Аны жаап, жаңы долбоорду 5000 доллар менен баштадык. Киного кеткен чыгымды деле ар кайсы тармактан белгилүү бир убакытка эле карызга алганбыз. Төлөгөнгө туура келгендиктен, ойлонуп көрүп, Ютуб каналына чыгардык. Ал жактан элге кайрылуу жасап, “колуңардан келген тыйынды салып коюңуз” деп эсеп ачтык. Кинотеатрга барса деле билет алып көрмөк да, бизге ошол билеттин суммасын которуп койсо ыраазы болобуз. Буюрса төрт күндө бир миллионго жакын адам көрүптүр, ошонун ичинде чын ниетинен каражатын которуп аткандар болуп атат. Элден айланса болот экен. 

-- “Кино сатыкка чыкпай калды, мындай каражатты кайдан табам?” деген санаркоо болбой койгон жокпу?

-- Бир сыйра сарсанаа болдум, башка варианттарды дароо ойлоно баштадык. Бирок стресс болуп, санаа тартып, демим сууп отуруп калган жокмун. Баардык көйгөйдүн жол-жобосу бар да. Кудай деле адамдын алына жараша сыноо берет.
 Бир эле учурда продюсерлик кылуу, башкы ролду аткаруу, актёрлорду тандоо, алардын эмгек акысын, съемка учурунда жашоо-шартын ылайыкташтыруу – баары менин мойнумда болду. Болгон күчүмдү жумшап, жараткан мээнетибиз элге жакшы тарабай калганына, таратууга мүмкүнчүлүк бербей койгондоруна жаман болдук. Мындан ары деле продюсерлик менен алектене берем, кыргыздын демин көтөрө турган, патриоттук сезимди ойготкон темаларга дагы да кайрылабыз.

-- Кинону көргөндөр ар кандай курч сындарды жазып атат. Мисалы, “милицияны паракор кылып көрсөткөн, идея жакшы иштелип чыккан эмес” деген сыяктуу... 

-- Элдин кабыл алуусу ар кандай да. Менин жеке өзүмө милициянын полковниги, башка жогорку чиндеги тартип сакчылар жакшы сөздөрүн жазып атышат. Тескерисинче, “ачуу чындыкты чагылдырыпсыңар” дешти. Кыргызстанда коррупция бар экени, кен байлыктарыбыз талкаланып атканы калппы? Ким жокко чыгара алат? Коррупция баардык тармакта камтылган. Бир эле милиция эмес, башка кесиптин ээлери деле пара алат. Чындыкты моюнга алыш керек да. Бул тасмада ар бир коррупционер өзүн көрө алат. 


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер