Акыркы кабарлар
» Коом » “Булбулга кантип топурак салбай коебуз?” деп эл беймаза болууда
“Булбулга кантип топурак салбай коебуз?” деп эл беймаза болууда
21-апрель, 15:01
845 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Маркум Элмирбек Иманалиевдин сөөгү эртең, 22-апрелде анын Бишкектеги Туңгуч кичи районундагы үйүнөн чыгарылып, Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат. Бул тууралуу Элмирбек Иманалиевдин күйөө баласы Мирзат Муканов Фейсбуктагы баракчасына жазды.
“Атам эртең саат 11де Тунгучтан чыгарылат. Ала-Арчага коюлат. Бирок, бул чакыруу эмес. Аз киши болсун деп жатышат, туура түшүнөбүз”, - деп жазган ал.
Ушундай кыйчалыш кырдаалда: “Булбулга кантип топурак салбай коебуз?” деп эл беймаза болууда. Айрымдары КРнын маданият жана туризм министрлигинен маселени чечип берүүнү суранышууда.