Акыркы кабарлар
» Коом » Тойлордо дааватчыга айланган Соке сүттөн акпы? Мышык ыйлачудай...
Тойлордо дааватчыга айланган Соке сүттөн акпы? Мышык ыйлачудай...
25-ноябрь, 00:00


“Экс-президент” деген аты бар Сооронбай Жээнбеков тойдо даават айтып, Кудайды таанууга, жакындоого үгүттөп, бакылдап жүрөт. “Эски пластинкадай” болуп эле баягы тапталган сөздөрүн божурайт. Мунун акылы кимге керек? Эң оболу, Алмазбек Атамбаевди сатып кеткени, түрмөгө отургузганы боюнча айтып бербейби? Чыккынчылык кылганбы? Мындай адам качан эле үлгү жаратчу эле? Эл карап турбайбы, көпчүлүктүн көзүн будамайлоо мүмкүн эмес да.
Кыскасы, бир убагы келгенде Сокеге да көп суроолор берилет. Пандемиядагы шалаакылык, адамдардын арбын өлүмү, коррупция, Октябрь төңкөрүшүндө Үмүтбектин атылып өлүшү, ондогон адамдардын майып болуп калышы – жана башка кыңыр иштерге качан жооп берет?











