Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Башка кадр табылбай, бийликте көйгөй жаралып атабы?..

Башка кадр табылбай, бийликте көйгөй жаралып атабы?..

04-ноябрь, 17:26
700 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Айбек Жунушалиев экинчи ирет Бишкек мэри болду. Алгач иштей албай сынга кабылып, жумуш которгону эсибизде. Башка кадр табылбай, бийликте көйгөй жаралып атабы?..

Айылчы Сарыбаев, профессор:

-- Бул жигиттин ким экенин, кайдан келгенин, кимдин кадры экенин билбейт экемин. Азыр “казанчынын өз эрки, кайдан кулак чыгарса мезгили да. Кадр боюнча эч ким эч кимге отчёт берүүгө милдеттүү эмес. Мыйзамыбыз ошондой.

Мамытбай Салымбеков, экс-депутат:

-- Аны бир айтасыңбы, эки айтасыңбы, кадр портфелибиз жок да. Бүт эле куда-сөөк, тууган-урук, дос-тамыр болуп кетти окшойт...


Айбек Жунушалиевдин кайрадан мэр болушунун жандырмагы

Бишкек шаарына Айбек Жунушалиев экинчи ирет мэр болуп дайындалды. Коомчулукта бул боюнча талкуулар жүрүп атат. Октябрь төңкөрүшүнөн кийин мэрлик кызматка улам бири келип, иштей албай кетип турушкан. Ошол сүрмө топтун арасында Айбек Жунушалиев да бар эле. Милдетин жетиштүү деңгээлде аткара албай, башка кызматка которулуп кеткен. Үч айдан ашык иштесе керек. Эми кайрадан Бишкек мэрлигине келип калганы түшүнүксүз ой-түкшүмөлдөрдү жаратууда. Негизи бул кызматка терең тажрыйбалуу, дасыккан жетекчи келиши керек. Улам эле үйрөнчүк, же дарамети жетишсиздер келе беришип, борбор шаарды да артка тартып бүтүштү. Сыягы, Айбек Жунушалиевдин кайра кайтып келгенине караганда, бийликте кадр саясатынын таңкыстыгы бар окшойт. 

Дагы бир өңүтүнөн алганда, жерлиги чүйлүгүнө карап бааландыбы? Жогорку кызмат орундарында Сары Өзөндөн сейрек эмеспи?.. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер