Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Реформаторлордун тагдыры бактылуу болбойбу?

Реформаторлордун тагдыры бактылуу болбойбу?

23-май, 13:39
547 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌


“Реформаторлордун тагдыры бактылуу болбойт” деп Михаил Горбачев көп сандаган маектеринин биринде актанууга аракеттенген. Бирок, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев муну абдан жакшы билип турса да, өзүнөн мурунку президент Ислам Каримовдун перманенттик саясатын улантууну каалаган жок. 

Өзбекстан президенти баштаган технократтык реформа эң башкысы кабыл алынган чечимдердин компетенттүү болушуна негизделген, сабатсыз пикирлердин рейтингинин жыйынтыгына эмес, адистердин билими менен тажрыйбасына басым жасалат. 

Ал саясый күрөштү саясый чечимдерди кабыл алуу жана саясый курстун технократтык үлгүсү үчүн бириктирүүгө жетише алды. Заманбап шартта мындай реформанын ийгиликтүү болушу жогорку тобокелчиликти жаратат. Экономист Дэни Родрик айткандай, “Жалгыз Ли Куан Юга ондогон Мобуту тең келет”. 

Мурдагы СССРдин аймагынан саясый күрөшкө жана саясый курска карата ар кандай кырдаалды байкоого болот. Президенттин саясый атаандаштарына каршы турат же мыйзам чыгаруу бийлигинин органдарына тоскоолдук жаралат, көбүнчө саясый курсту ийгиликтүү жүргүзүүгө жолтоо болот. Технократтык үлгү башталгыч этапта байкаларлык жыйынтык берет, бирок бийликтин кийинки транзитинде мындай курс көбүнесе туңгуюкка кептелет, так ушуну КМШнын бир катар өлкөлөрүнөн байкап атабыз. 

Мисалга алсак, Грузияда бийликке Михаил Саакашвили келгенден соң кеңири реформа башталган, бирок кийинчерээк кашаңдап, а бийлик алмашкандан кийин такыр эле токтоп калды. Украина бийлигинин саясый курсу 20 жылдан бери саясый күрөштүн туруктуу туткунуна айланып келатат. Кыргызстанда үч мурдагы президенттер: Акаев, Бакиев, Атамбаев саясый күрөштүн жана саясый курстун көп бутактуулугунун курмандыгы болушту. 

Суроо туулат: эмнеге президент Мирзиёев өзүнүн саясый реномесин таргетирлөөнүн ордуна жооптуу тобокелчиликке барууда? 

Кемаль Ататүрк өз убагында абдан татаал, тобокелдүү реформага барган жана тарыхый жыйынтыкка ээ болду, бирок ал такыр башка заман, такыр башка геосаясый карта эле. Бүгүнкү күндө геосаясый жуурулуу мунай котировкасынын, фонд индекстеринин жана кайра каржылоонун наркына ушунчалык байланып калды, мамлекеттин ички саясаты кээде көз карандысыздыгынын маанисин жоготуп да коёт. 

Өзбекстандын бюрократиялык түзүмү башка мурдагы советтик өлкөлөр сыяктуу эле рынок экономикасынын милдеттерин реализациялоого ылайыкташкан эмес, бирок алардын жеке кызыкчылыгын сактоо маселесине келгенде абдан эле күчтүү   болушууда. Мындай шартта Мирзиёевдин саясый эрки саясый курстун маанилүү кыймылдаткычына айланат. 

Ошондуктан президент зарыл реформаны жүргүзүп жана өлкөнүн туруктуу өнүгүшүн камсыздай алчу адистерди ишке тартып жатат. Мирзиёев өзүнүн мамлекеттик кызматкер катары топтогон кадыр-баркынын шарапаты менен бүгүн “реформаторлор командасын” саясый партиялардын негативдүү пикирлеринен коргоого жана бир катар маневр эркиндигин берип, бирок дайыма алардын ишинин жыйынтыгын баалоочу мүмкүнчүлүгүн өзүнө калтырууга күч тапты. 

 Мирзиёевдин реформасынын маанилүү айырмачылыгы – бул мамлекетти технократтык башкаруудан корпорациялардын менеджерлик башкаруусуна  перманенттик өткөрүүсү. Мындай учурда мамлекеттик башкаруунун бир катар шарттарында толук мүмкүн болгон менеджментти көзөмөлгө алууну жоготуунун тобокелчилигин жокко чыгарат. 

Буга ийгиликтүү технократтар өздөрүнүн саясый жумуш берүүчүлөрүнө чакырык ташташканы анык мисал боло алат, мындай чакырыктар Кыргызстандын экс-президенттери Акаев менен Бакиевдин, же Бакиев менен Атамбаевдин каршылашуусуна жеткирген. 

 Жыйынтыгында технократ жетекчилердин саясый лидеринин каршылашынын тарабына өтүп кетүүгө ар дайым мүмкүнчүлүгү бар болуп чыгат. Ошондуктан мурдагы советтик өлкөлөрдүн президенттери лоялдуулук менен компетенттүүлүктүн ортосунда тандоо жүргүзүүгө аргасыз. Ийгиликтүү технократ реформаторлор ийгиликсиздерге караганда өздөрүнүн жумуш берүүчүлөрүнө тобокелчилик көп жаратат. Ийгиликтүүлөр аз мөөнөттүү тобокелчиликти, ал эми ийгиликсиздер узак мөөнөттүүсүн жаратат. 

 Тагдыр экен, Кыргызстан Борбор Азиядагы демократиялык реформанын оор жолуна түшкөн алгачкы өлкө болду, бирок анда да, мында да эч нерсе өзгөргөн жок, ошондуктан Өзбекстандагы реформаны байкап, алар биз кетирген жаңылыштыктын баарын эске алганын көрдүк. Төрт жылдан бери өзбек реформасы системалуу, этаптуу түрдө макулдашуу жана бири-бири менен тыгыз байланышуу негизинде жүрүүдө. 

Реформанын жыйынтыгын 2019-жылдын баардык макроэкономикалык социалдык жана эл аралык көрсөткүчтөрү аркылуу баалоого болот. Эң башкысы, бул өсүштү турукташтырып жана ички мамлекеттик процесстерди геосаясый чакырыктар менен айкалыштыруу гана калды. 


Бакыт Бакетаев, саясат талдоочу 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер