Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Балбак Түлөбаев, ЖК депутаты: “Инфляцияга карап жол кирелердин кымбаттаганы туура эле”

Балбак Түлөбаев, ЖК депутаты: “Инфляцияга карап жол кирелердин кымбаттаганы туура эле”

13-сентябрь, 09:00
439 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Балбак мырза, Бишкек шаарынын мэриясы Ош базарын, батыш, чыгыш автобекеттерин шаардын сыртына көчүрүүнү пландап жатканы айтылды. Бул канчалык туура болот?

-- Туптуура. Мен мэрияда иштеп турганда эле ошондой маселе көтөрүлгөн. Азыр шаар чоңойду, өзгөрдү. Ошондуктан, Ош базарын, батыш, чыгыш автобекеттерин шаардын сыртына чыгаруу эң туура идея. Бирок, буга ылайыктуу жер табыш керек. Инфратүзүмдөр зарыл. Муну Чүй облусу менен сүйлөшүп туруп, жасоо кажет. Мен ал идеяны колдойм.

-- Элге алыс болуп калбайбы?

-- Инфратүзүм деп мен ошон үчүн айтып атпаймынбы, автобустарды каттатып коюш керек. Ичинде парковкасы, жаан жааганда баткак болбогондой жер болушу зарыл.

-- Жол кирени кымбаттатуу идеясын да колдойсузбу?

-- Ооба, себеби, жаңы автобустарды алып келип атат. Алар өзүнө кеткен чыгымды акташы керек да. Инфляцияга карап жол кирелердин кымбаттаганы реалдуу деп ойлойм. Бирок, этап-этабы менен кымбаттатса жакшы болмок. Биринчи кварталда 50 тыйын, экинчи кварталда 50 тыйын кылып бөлсө, эл сезбей калмак. Кескин кымбаттатканда эл кыйналат. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер