Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Өлкөдөгү ымыркайлардын чарчап калуусун кантип азайта алабыз?

Өлкөдөгү ымыркайлардын чарчап калуусун кантип азайта алабыз?

11-август, 00:06
94 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

     2026-жылдын январь–май айларында Кыргызстанда бир жашка чейинки 666 бала чарчап калган.

     Улуттук статистика комитетинин баяндамасындагы маалыматтарга караганда, былтыр ушул эле мезгилде 675 ымыркай каза болгон.

     Маалыматта ошондой эле наристелердин ичинен 448и перинаталдык мезгилде пайда болгон илдеттен улам чарчап калса, 113 ымыркай тубаса өнүгүү кемтиктеринен улам көз жумганы айтылат. Мындан тышкары жугуштуу жана мите ооруларга, нерв системасынын ооруларына жана башка себептерге байланыштуу болгон.

     Саламаттык сактоо министрлиги 2030-жылга чейин перинаталдык кызматты реформалоого даярданууда. Анын ичинде кош бойлуу аялдарды көзөмөлдөө системасын жана бейтаптарды багыттоону жакшыртуу, төрөткө чейинки кам көрүү стандарттарын кайра карап чыгуу жана төрөткө чейинки скрининг технологияларын киргизүү бар. Булардан тышкары генетикалык лаборатория түзүү жана үй-бүлөнү пландаштырууну өнүктүрүү да перинаталдык тармакты реформалоого кирет.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер