Кемпир-Абад боюнча кармалгандардын баарын эле камакта кармап отуруунун кажети жок


“Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын айрымдары эркиндикке чыгышып, калгандарынын баш коргоо чаралары узартылды. Бул жагын кандайча чечмелесек болот?” деген собол салдык.
Токтогул Какчекеев, саясат талдоочу:
-- Ал жерде “электен” өткөзүп атат. “Жаңжалга” тийешеси жоктор чыгарылып атса керек, “кимдин колунан келет, кимдин колунан келбейт” дегендей сөз болуп атат. Жооштору чыгып, азоолору отурат, бул менин жеке оюм. Чын-чынына келгенде, прокуратура деген уюм бар. Конституция боюнча адам укугун коргош керек эле да. Алар ушу кезге чейин унчукпаса отура беришет. Анүстүнө камактагылар “бизди сураган жок” деп атышат. Болор иш болду, боёсу канды, бул маселени ары же бери кылып чечиш керек. Анткени, Процессуалдык кодекс боюнча “кайсы мөөнөткө чейин кармаш керек” деген нормалары бар. Ошол норма сакталып атабы? Мындан сырткары, президент Садыр Жапаров “мыйзам чегинде, мыйзам бузбай, мыйзамдын жолунда” деп айтып атпайбы. Демек, президент койгон талаптар аткарылбай атат десек туура болот го.

Аманбол Бабакулов, жарандык активист:
-- Кемпир-Абад боюнча камалгандардын үй камагына чыгарылып атканын алардын ден соолугу боюнча тастыкталган справкаларды бергендиги үчүн деп түшүнсөк болот. Калгандарыныкын узарткандыгы абдан өкүнүчтүү жагдай. Баарын бирдей карап аткандан кийин, баарын эле үй камагына чыгарып коюшса болмок. Камакка алгандан бери 6 ай өтсө да, болгону бир жолу сурашыптыр. Калган учурда жөн гана камакта отурганын саясый чечим катары баалайм. Учурдан пайдаланып бийликке “эсиң барда этегиңди жый” деп айткым келет. Ошону менен катар Кемпир-Абад боюнча камактагыларды эркиндикке чыгарып коюшсун!..

Азиза Абдирасулова, укук коргоочу:
-- Кемпир-Абад иши боюнча баш-аягы 27 киши кармалып, бүгүнкү күндө ошолордун 16сы абакта калтырылып, 20-июнга чейин мөөнөтүн узартып коюшту. Ал эми 11и баш коргоо чарасы катары үй камагына чыгарылды. Негизинен чыккандардын баардыгынын ден соолугу начар, жашы улгайып калган, оор операцияны башынан өткөзгөндөр жана өнөкөт оорулары барлар болду. Мындан сырткары, аял кишилерди аяды. Бирок, мени өкүнткөн жери – Рита Карасартованын үй камагына чыкпай калганы. Күйөөсү мындан бир нече жыл мурун кайтыш болгон. Өткөөл курактагы эркек баласы бар, буга кыйын болуп атат. Элдин көзүнчө күлүп, “ден соолугум жакшы” деген менен зоб деген оорусу бар. Аялдар эле дейли десек, Рита калды, оорулуулар дейли десек Равшан Жээнбеков калды. Али Шабдан деген бала ооруп жүрөт. Чын-чынында бул суроону тергөөчү, прокурор, сотторго берсеңер жарашмак. “Эмне себептен бири чыгып, экинчиси камакта калды?” деп. Бирок, дээрлик Кемпир-Абад боюнча кармалгандардын баарын эле камакта кармап отуруунун кажети жок. Тергөөчүлөргө да кыйын болуп атат. Себеби, кылмыш курамы жок. Саясый негизде кармалышты. Бийликтин кооптонуусу аркасында камакка алынган...











