Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Манас Саматов, фермер: “Кардын жаашы багбанчыларга кыйынчылык жаратты”

Манас Саматов, фермер: “Кардын жаашы багбанчыларга кыйынчылык жаратты”

09-апрель, 14:43
843 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

--Манас аке, кар жаап салды, Чүйдө алмалар жаңыдан гүлдөп атты эле. Фермер катары эмне кеп-кеңешиңиз бар?

--Жаман иш болду. Гектарлап алма багы барларды түшүнүп турам. Акыбал оор. Табийгаттын мүшкүл иштерине карама-каршы туруу кыйын. Өзгөчө багбанчылык менен гана алек болгондор, башка иши жоктор далбас уруп турган мезгил. Болгон алма бактарынын жанында “чарк” айланып жүргөндүр... 

--Болгону 10-15 түп алмасы барлар кантишет?

--Мындай учурда кеп-кеңеш берүү да мен үчүн кыйын. Эгер бутактары карга чөмүлүп турса, анда аларды кардан арылтуу аракетинде күбүп салган туура эмес. Андан көрө эч тийбеш керек, кар сактап калышына бир аз да болсо шарт түзүлөт. 

--Үстүн кленка менен жаап, чүмбөттөсөчү?

--Аны мурунку күнү кылса бир аз жардамы тиймек. Азыр кеч болуп калды окшойт. 


Сурат Жылкычиев

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер