Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Аманкан Кенжебаев, ЖК депутаты: “Элибиз жерди иштеткенди үйрөндү”

Аманкан Кенжебаев, ЖК депутаты: “Элибиз жерди иштеткенди үйрөндү”

23-январь, 09:00
320 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Аманкан Батырбекович, республикабызды эгин, өсүмдүк майы менен өзүбүз камсыз кылганга шарт барбы?

-- Бүгүнкү күндө биз өзүбүздү эгин менен 65, өсүмдүк  майы менен 20 пайыз гана камсыз кыла алабыз. Калган бөлүгүн сырттан сатып алганга туура келип атат. Бирок, биздин айыл чарба министринин айтуусу боюнча, 2025-жылы 100 пайызга камсыздайбыз деген ой бар. Ошон үчүн мамлекеттин резервиндеги  жердин 50 пайызын үрөн чарбаларына өткөзүп бердик. Быйыл кайра талкуу кылып, бул абалдан чыгуунун жолдорун дагы ойлонуп көрөбүз го.

-- Маселе эмнеде? Жер жетишпейби?

-- Бүгүнкү күндө бардык жагынан көйгөй бар. Жер да жетишпейт. Кыргызстанда 1 млн. 276 миң гектар жер бар. Ошонун бир миллиону элге жер үлүшүнө бирилген. 276 миң гектар гана мамлекеттин жери калган. Ошонун 138 миң гектарын айыл чарба министрлиги үрөн чарбаларга жана асыл тукум мал өстүргөн чарбаларга бөлүп берүү үчүн алды. Учурда 1 млн. гектар жерди иштетип аткан элди үрөн менен камсыз кылыш үчүн аракеттер жүрүүдө.

-- Учурунда бизде үрөндүн мыкты сортторун жана асыл тукум мал  өстүрүүчү алдыңкы чарбалар бар эле. Ошолорду кайра калыбына келтирсе болобу?

-- Койдун тукуму азыр деле жакшы. Кыргызстанда өзүңөр көрүп атасыңар, арашан тукуму жакшы чыкты. Дегеле мал чарбасы боюнча жакшы келатабыз. Россия менен мал тукумун жакшыртуу боюнча жакшы кызматташтык жүрүүдө. Министрлик мыкты долбоорлорду сунуштап, биз аны колдоп бердик. Ал эми үрөн боюнча бир аз көйгөй бар. Үрөндүн жакшы сорттору калган эмес. Ошон үчүн былтыр президентибиз үрөн чарбасын өнүктүрүүгө акча бөлүп берди. Дыйкан чарбалар муну жакшы иштетип кетсе, жерди жакшы пайдаланса, үч-төрт жылга жетет деген ойдобуз.

-- Азыр мурдагыдай айдалбай калып кеткен жерлер жок болсо керек?

-- Айдалбай калган жер жок. Мурда ошондой маселе бар болчу, бүгүнкү күндө элибиз жерди иштеткенди үйрөндү. Чүй, Нарын, Ош болобу, кайсы жерге барсаң да жер иштетилбей калмак турсун, жетишсиз экенин көрөбүз.Туура, суу жетпеген, кайрак жерлер иштелбей калганы боюнча маселе бар. Бул боюнча да президентибиз былтыр сууга 1 млрд. сом бөлүп берди. Андан тышкары, жаңы жерлерди өздөштүрүү боюнча донорлор менен да иштешип атабыз. 

"Азия Ньюс" гезити 
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер