Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Марат Иманкулов: “Умрага барып келгендерди күнөөлөгөн туура эмес”

Марат Иманкулов: “Умрага барып келгендерди күнөөлөгөн туура эмес”

03-апрель, 22:02
2 104 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

УКМКнын мурдагы орун басары, генерал Марат Иманкулов учур кырдаалына жараша кеңештерин айтып, кыйынчылыктан чыгып кетүү боюнча ой бөлүштү.


--Марат мырза, учурдагы кооптуу абалдан пайдаланып, террористтик уюмдар өлкөгө коркунуч алып келбейби?

--Билесиздер, мындай убактар көп болгон. Террористтик уюмдар орусча айтканда, “ничего святого у них нету” дегендей булар баардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдалана беришет. Кечээ Афганистанда террористтик уюм чабуул кылып, 25тен ашык адамдар набыт болду, андан да көбүрөөгү жарадар экени кабарланды. А жерде да коронавирус менен катуу алпурушуп атышканда ушундай жаман иштер болуп атат. “Бизде андай болуп кетпейт” деп эч ким кепилдик бере албайт. Ошондуктан мамлекетке тийиштүү органдар, андагы атайын кызматтагылар өзүлөрүнүн ыкчам түрдө ишин алып барып туруусу абзел. 

--Экстремисттик топтор да өлкөгө коркунуч жаратса керек?

--Экстремисттер мамлекетке жамандык каалаган, “диндерди чабыштырып кандайдыр бир зыян келтиребиз” деген топтор, күчтөр, адамдар болобу, баары тең азыркы кырдаалдан сөзсүз түрдө пайдалангысы келишет. Ошондой коркунучтарды болтурбоо жана бөгөт коюу үчүн биздин укук коргоо органдарындагы атайын кызматтар иштеш керек. Түшүнүп турам, а жерде да биздин коллегалар ооруга чалдыгып калышы мүмкүн. Бирок, мамлекеттин, улуттун кызыкчылыгы өйдө турат. Ошондуктан ар бир кызматкер жетиштүү түрдө беткап, атайын кийимдер менен камсыз болуусу шарт жана иштерин уланта берүүсү абзел. 

--Коронавирус илдетине чалдыккандар күн санап өсүүдө, аны биздин өлкөгө алып келген адамдардын башында кичи ажылыкка барып келгендер болду. Буга сиздин оюңуз кандай?

--Коронавирус – бул илдет. “Бир гана умрага барып, ошолордон жугуп келди” деген туура эмес, умра жана дин да күнөөлүү эмес. Кытайга соода-сатык,  Европага туристтик жол менен баргандардан да жугуп калышы мүмкүн. Биздин мамлекеттик органдардын бир катачылыгы – ошо жакка кайсы максат менен барбасын, келген учурда көзөмөлгө алып, карантинге отургузуп, жакшылап түшүндүрүп, өзүнүн, коомдун, жакындарынын, жеке үй-бүлөсүнүн ден соолугунун кызыкчылыгы үчүн “тигини кылба, муну кыл” дегендей түшүндүрмө иштерин убагында кылыш керек эле. Менимче, мамлекеттик тийиштүү органдардан катачылык кетти окшоп калды, аны моюнга алыш керек. Анан жуктуруп алгандан кийин териштирип отурбастан мамлекет да, коомчулук да болуп аткан кырдаалдан тез аранын ичинде аман-эсен чыгып кетүү жолдорун изденгенибиз оң. Өлкө жетекчилери коюп аткан тартипти катуу сактап, медиктердин көрсөтмө инструкцияларын кынтыксыз аткаруу мойнубузда турат. Үйдөгү санитардык нормаларды кабылдап, эки жакка чыкпасак, анда ушу пандемияны акырындап жеңебиз.

--Карантинге байланыштуу көпчүлүк үй-бүлө жумушсуз калды. Кээ бирлери ачка отурушат. Буга кол сунуп жардам бергендер саналуу болуп аткансыйт...

--Туура айтасыз, күнүнкү тапканын күнүгө жумшап, эптеп оокат кылып жүргөндөр бар. Мамлекет ошолорду ойлош керек. Аларды ар тараптан колдоого алуу механизмдерин иштеп чыгуу кажет, бул биринчиси. Экинчиден, биздеги бизнесмен, ишкер акчаларын топтоп алып каякка алпарышат, ден соолук болбосо, өмүр болбосо, тапкан милиондору бир тыйынга татыбайт. Кытайдагы мен-мен деген байлар миллиарддап мамлекетке жардам кылышты. Дары-дармегине чейин Ухань шаарына апкелип коюшту. Мына ошондой эрдикти биздин ишкерлер өз элине, колунда жок муктаждарга көрсөтүшсө болот эле. Бере турган мезгил келди.    


Сурат Жылкычиев

Aryba.kg


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер