Акыркы кабарлар
» Коом » “Кемпирабадчылардын” бир бөлүгү ажого кирип чыгышканы айтылды
“Кемпирабадчылардын” бир бөлүгү ажого кирип чыгышканы айтылды
15-май, 18:11

Жакында Азимбек Бекназаров, Кубанычбек Кадыров, Улукбек Маматаев, Жеңиш Молдокматовдор өз ара бөлүнүшүп, ажого кирип чыгышканы кабарланды. Ошону менен “кемпирабадчылардын” актуалдуулугу жоголдубу? Убагында бийликтин саясатына каршы чыгышса, кайра биригүүгө барып атышса, анда оюн кылбай эле коюшпайт беле? Буга чейин алардын айрым үзөңгүлөштөрү бизнес, пиар долбоорлору менен шугулданып кетишсе, калгандары да куружалак калышпай, үмүт кылышкан кербездериби? Суроолор арбыды. Эми “кемпирабадчылар” жапатырмак президенттик шайлоого иштеп беришсе, үч жарым жыл кыйналгандары унутулуп, толук кандуу команда катары “камыр-жумур” аралашып калышабы?










