Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Белгилүү куудул Келдибек Ниязов 70 жашка толду

Белгилүү куудул Келдибек Ниязов 70 жашка толду

12-сентябрь, 09:00
598 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

КР Эл артисти, белгилүү куудул Келдибек Ниязов агабыз 70 жашка толду. Туулган күнү бүгүн, 8-сентябрь. Кыргызда “Жаман катын кыш тууйт, кыш тууса да кыз тууйт” деген кеп бар. Ошол макалды “Жакшы катын күз тууйт, күз тууса да узун бойлуу куудул тууйт” деп улагым келип атат. Бышыкчылык маал, ак койдун карды жарылып турган мезгил. Баары бар: мал семиз (бир жылкынын баасы 120 миң сом), жашылча-жемиш мол. 

Келдибек Ниязов кыргыздарда биринчи жолу тамадалыкты 1973-жылы кылган. Акысына 100 рубль жана нейлон көйнөк алган. Ал кезде нейлон көйнөктү азыркы тил менен айтканда, Акүйдөгүлөр кийчү экен. Жарым жылдай үстүнөн түшүрбөй, бир да жолу жуудурбай кийген экен, акыры нейлон болбой эле жүн көйнөк болуп калыптыр. 

Келдибек агабыз Ысмайыл Борончиев, Мыскал Өмүрканова, Түгөлбай Сыдыкбеков, Байдылда Сарногоев, Ашыралы Айталиев, Токтосун Тыныбеков, Чоро Кожомжаров, Рыспай Абдыкадыров, Аксуубай Атабаев, Калыйбек Тагаев ж.б. залкарлар менен бирге жүрүп, бир тасмалда чай-пай ичип калды. 

Кечээ президент наам берип атса Келдибек байкеге “Манас” орденин ыйгарабы деп акырына чейин күттүм. Кантсе да 70 жашка чыгып атпайбы деп. Баса, 70 жылдыгын 28-октябрь күнү Т.Сатылганов атындагы филармониянын чоң залында автордук чоң концерт менен белгилегени турат. Ушул эле 28-октябрда 1936-жылы филармония түзүлгөн экен. Ийгиликтин эрте-кечи жок эмеспи, ал күнгө чейин Келдибек байкени куттуктай турган Акүй-Көкүй, ага-тууган, жээк-жаттарга убакыт бар. А биздин жамаат Келдибек байкени куттуктап, “Саясый күлкү” бетибизди арнап отурабыз. 


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер