Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Президент Баткенде окуучу кыздын өлтүрүлүшү боюнча кайрылуу жасады

Президент Баткенде окуучу кыздын өлтүрүлүшү боюнча кайрылуу жасады

06-сентябрь, 12:06
362 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Президент Садыр Жапаров Баткен облусунун Кадамжай районунда окуучу кыздын зордукталып, өлтүрүлүшү боюнча кайрылуу жасады.

Ал фейсбуктагы баракчасына жаш кыздын мыкаачылык менен өмүрүнүн кыйылышы зээн кейиткен окуя экенин экенин айтып, муну жектөөгө чакырды.

Ошондой эле Ички иштер министрлиги баштаган күч органдарына жана башка тиешелүү мекемелерге зордук-зомбулуктардын алдын алуу иштерин күчөтүүнү тапшырганын билдирди.

«Кыргыз эли байыртадан кыз балага өзгөчө мамиле жасаган, мындай мыкаачылыкка бармак түгүл, кыз балдардын бир тал чачына залал келтирбеген нарктуу эл. Биздин элдин аялзатына, кыз балага жасаган өзгөчө мамилесинен улам, Кыз Сайкал, Жаңыл мырзадай баатыр кыздарыбыз, Курманжан даткадай акылман энелерибиз чыккан» , — деди Жапаров.

Президент жакында нарктуулукту сактоо жана жайылтуу тууралуу жарлык кабыл алганы бекеринен эмес экенин, бул коомду сырттан кирген жаман адаттардан сактоо үчүн улуттук иденттүүлүктү калыбына келтирүү максатында алдын ала көрүлгөн аракет экенин билдирди.

«Кадамжайдагы мыкаачылыкты баарыбыз жектейли. Жаш муундарга болгон тарбия-насаатыбызды күчөтөлү. Ар бирибиз коом алдында жоопкечилигибиз бар экенин эстен чыгарбайлы. Кадамжайда жасалган мыкаачылык — кечиримсиз иш. Кылмышкерлер өтө катуу жаза алууга тийиш. Бул иш менин жеке көзөмөлүмдө болот» , — деди Жапаров.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер