Акыркы кабарлар
22:58
» Коом » Орусияда жол кырсыгынан каза болгондордун сөөгү жерге берилет
Орусияда жол кырсыгынан каза болгондордун сөөгү жерге берилет
24-август, 11:34


Орусиянын Ульяновск облусунда 21-августта катталган ири жол кырсыгында 16 адам, анын ичинде 14 кыргыз жараны мерт болуп, дагы үчөө жараат алган. Каза болгондордун бешөө Баткен, төртөө Жалал-Абад, бешөө Ош облусунун тургундары. Акыркы бешөөнүн сөөгү шейшемби күнү жерге берилип, ага өкмөт өкүлдөрү катышты. Маркумдардын сөөгү өздөрү туулуп-өскөн айылдарына коюлду. Буга чейин каза болгондордун бирөөнүн документи Жалал-Абадда катталгандыктан расмий маалыматтарда бул облустан беш киши каза тапканы кабарланган. Анын сөөгү Кара-Кулжа районунда жерге берилди.
Каза болгондордун жакындарына президенттик фонддон 300 миң сомдон жардам бериле турганы айтылды.