Акыркы кабарлар
» Коом » Ысык-Көлдө сууга чөгүп кеткен өспүрүм кыздын жансыз денеси табылды
Ысык-Көлдө сууга чөгүп кеткен өспүрүм кыздын жансыз денеси табылды
28-июнь, 11:59

Ысык-Көлдө сууга чөгүп кеткен 16 жаштагы кыздын жансыз денеси табылды. Маалыматты өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашат. Маалым болгондой, маркумдун сөөгү 27-июнда саат 19:20да табылган.
Белгилей кетсек, Балыкчы шаарындагы “Толкун” жээгинде 16 жаштагы кыз 27-июнда сууга чөгүп кеткен. Жерине 7 куткаруучу тартылган.