Мар Байжиев: «Садыр Жапаров башкаруу, аткаруу жоопкерчилигин өз мойнуна алганы – чоң жетишкендик»


Бул маекти Мар Байжиевдин көзү өтөрүнө бир ай калганда алган элем. Акка моюн сунуп кетип каларынан кабар жок болчу. Жапжакшынакай сүйлөшүп, учурдагы көйгөйлөр, жаңы шайланган ажо Садыр Жапаровго аксакалдык сөзүн айтып үлгүргөн. Чынын айтыш керек, “бир аз толуктоо кылам, айта турган бир-эки ооз кебим бар” деп токтоп калганбыз...
-- Мар ага, кыргыз элинде “Карынын сөзүн капка сал” деген насаат сөз бар...
-- “Карынын сөзүн капка сал” деген кыргыз элинин буйругу акыркы жылдары аткарылбай, куру сөз болуп калды. Бийлик, байлык талашкандар өздөрүн да, элди да кыянатка учуратты. Аскар Акаев мансапкорлордун тилине кирип, “легендарлуу парламентти” таратып, акылман аксакалдардан, кайраттуу чоролордон ажырады, бийликке жулунгандар көбөйдү. 2005-жылы Акаевди Акүйдөн кетиришти.
-- Негизи эле Аскар Акаевдин президенттикке шайланганы жөнүндө азыркыга чейин ар кандай маалымат айтылып жүрөт. Чынында кандай болду эле?
-- Шайлоо алдында ЖКнын бир топ депутаттары чогулуп, “президенттикке КПССтин өкүлү шайланса, баягы эле “бабушканын таягы” болот” деп Чыңгыз Айтматовдун макулдугун сурасак, ал киши академик Аскар Акаевди сунуштады. Акаевди Москвадан чакыртып алып, көндүрдүк. Президент болуу оюнда да жок экен. “Мындай жоопкерчиликти аткара аламбы?” деп чочулады. “Он эки жаштагы Манас хан болгондо, жанында Бакай, Кошой, Акбалта деген акылман аксакалдар, Чубак, Сыргак сыяктуу баатыр чоролору болгон» деп көндүрдүм. Сөздүн төркүнү – ажонун жанында ак ниет адамдар болсо, алар эли-жери үчүн күйүп-бышса, “Вазир жакшы –хан жакшы” дегендей, мамлекетти алдыга өнүктүрүүдө бирөө оң колу, дагы бирөө сол колу болуп, элибиз жакшы шартта жашоосун уламак. Анан ЖКнын шайлоосунда Аскар Акаев жети добуш артыкчылык менен жеңди.
-- Кийинки президент Курманбек Бакиев аксакалдар менен кеңештиби?
-- Шайлоо алдында Бакиевдин жактоочулары менен кезиктик. “Бийлик талашып, түндүк-түштүккө бөлүнбөй, мамлекеттик бийликке татыктуу инсанды шайлайлы” дедик. Түштүктөн Курманбек Бакиевди президенттикке, түндүктөн премьер-министрликке Феликс Куловду сунуштадык. Түрмөдөн Феликсти чыгарып келишти. Шайлоодо “тандем” чоң жеңишке жетти. Биринчи жылдары экөө өнөктөшүп жакшы иштеди. Бирок кийин коомчулукта барган сайын нааразычылык күчөдү. Илим-билим, айыл чарба, энергетика, экономика жана башка чарбачылыктын тажрыйбалуу аксакалдары чогулуп президентке бардык. Бакиев жакшы кабыл алды. “Слово аксакалов – золото”, “Акыл аксакалдарда” деген макалалар сүрөттөрүбүз менен гезиттерге жарыяланды. Аксакалдар кеңешин түзүү боюнча указдын долбоорун тапшырдык. Бирок указ чыккан жок. Бакиевдин президенттик мөөнөтү кызыл кыргын, кара сүргүн менен бүттү. Бийликке Алмазбек Атамбаев келгенде, мурдагы президенттердин каталарын кайталабасын деп, аксакалдар кеңешинин тизмесин Фарид Ниязовго тапшырдым. Президент кабыл албады.
-- А Сооронбай Жээнбеков менен жолуктуңуз беле?
-- 2020-жылы 17-сентябрда “Азия News” гезитине “Аксакалдан алгы кеп” деген рубрика менен “Кандуу желектин ортосунда күйүп турган түндүк жакшылыктын белгиси эмес! “Түндүгүң өртөнсүн!” деген каргыш бар” деген макала менен Сооронбай Шариповичке “азыркы шарт мурункудан да татаал. Баягы эле бийлик талашкан партиялар добушту акчага сатышып, ушакчы катындардай бири-бирин жамандайт. Шайлоо өтпөй калса, күнөөнүн баары сизге жүктөлөт. Эл-журтубузду дагы кыянатка учуратпай, шайлоону эки-үч айга жылдырыш керек. Конституцияны эл менен терең талкуулап, 1993-жылкы Башмыйзамдын негизинде жаңы Конституция түзүү зарыл. Владимир Путинден үлгү алып, мамлекетке президенттик башкаруу киргизиш керек. Мамлекет башчылыгына да, аткаруу бийлигине да жоопкерчилик бир колдо болбосо, баягы эле чаржайыт башталат. Шайлоодо добушту жашыруун эмес, ачык-айкын бериш керек. Конституция боюнча КР жараны өз оюн, пикирин ачык айтууга укуктуу. Анда эмне үчүн шайлоого келген жаран өзүнүн пикирин паранжага жашынып айтат? Добуш берүү жашыруун эмес, ачык болсо, көп кыянаттан, чыгымдардан кутулабыз” дегем. Карынын сөзүн этибар албады. Аягы эмне болуп бүткөнүн өзүбүз көрдүк.
-- Кеп кезеги Садыр Жапаровго келди...
-- Кыргызстандын жаңы президенти Садыр Жапаров башкаруу, аткаруу жоопкерчилигин өз мойнуна алганы – чоң жетишкендик. Чоң аянтта Манастын эстелиги турат. Манас өзүнүн эл-жерине кылыч менен келгени кандай, бул жагын көпчүлүк маани бербей атат. “Кылыч менен келген – кылычтан курман болот” дептир Иса пайгамбар. Айкелдин жанына барсаң, Манастын өңүнө көзүң жетпейт. Минген аты бычылбаган айгыр экенин гана көрөсүң. Эгер Садыр Жапаров менин тилимди алса, Манастын сүрдүү айкелин Алайдын чек арасына орнотсо өтө орундуу болмок. Тажиктин ханы Шорук Алайга кол салып келгенде, Манас талкалайт. Ошондо алдынан чыгып: “Арстан Манас баламсың, /Кечиримдүү адамсың! /Кечирим сурап жалындым, /Алжыганда жаңылдым” деп жалгыз кызы Акылай менен отуз сулуу кызды тартуулайт. Кыргыз-тажик кудалашып, чоң той болот. Манастын сүйгөн жары “Ургаачынын паашасы, кең этектин тазасы”, идеалдуу Каныкей да тажик кызы болгон. “Кыйба (Хива) деген жер экен, /Кеңири тажик эл экен” деп келет кудалашып. Бухарадан келгенде Манастын атасы Жакып коңшу кыргыз, тажик эли эзелтен бери достошуп, кудалашып жашаган...
Мындан сырткары, мамлекеттик символдор, б.а. туубуз (желегибиз) боюнча бир ооз сөз. Тууну кабыл аларда атайын түзүлгөн комиссия болгон. Мен анын мүчөсү болчумун. Конкурска катышкан сүрөтчүлөрдү чогултуп, мамлекеттик туунун маанисин түшүндүрүп, түндүктү кыргыз элинин ыйык символу катары сунуштагам. “Көкө Теңирге сыйынган кыргыз баласы түндүктөн көгөргөн асманды көргөн, жаркыраган кут жылдыздан жакшылык күткөн” деп үгүттөгөм, түшүндүргөм. Конкурста ортосунда түндүгү, кут жылдызы бар асмандай көгүлтүр желек жана ортосунда балбылдап күйүп турган түндүгү бар кызыл желек талкууланды.
“Манастын туусу, СССРдин туусу да кызыл болгон” деп кызыл тууну жактырган депутаттар болду. “Кызыл туу – кандуу согуштун, кайгы-капанын белгиси болгон. “Көк асаба кызыл туу, айгайлаган чуру-чуу” менен Манас чоң казатка чыгып, курман болуп, эгемендүү каганаты кулаган. Манас каза болгондо “Кызыл кырчын кыз балдар кызылдан кара кийишип, /Кыркка чыккан катындар карадан кара кийишип. /Чуркурап кемпир-чал ыйлап, /Жетим калган бала ыйлап” дейт манасчы Саякбай Каралаев. “Бурчунда орок-балкасы бар кызыл туу менен капитализмге согуш жарыялаган социализм кулады” деп түшүндүрсөм, бир топ депутаттар кол чапты. Жашыруун добушка койгондо кызылдар жеңип кетти... Мына ушуга көңүл бөлсө дейт элем...
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити











