Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айрыкча кызыл пияз жана имбирь вируска каршы эң эффективдүү азыктар

Айрыкча кызыл пияз жана имбирь вируска каршы эң эффективдүү азыктар

25-март, 13:52
743 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Россиялык дарыгер-диетолог Лидия Ионова вирустук оорулардын алдын алчу азыктарды атады. Дарыгердин кеңеши РИА Новостиге жарыяланган. Дарыгер илдет өтүшүп кеткенге чейин адам витаминге бай азыктар менен оорунун алдын алса болорун айткан. Бирок дарт өтүшүп кетсе, эч кандай азык аны айыктыра албай турганын баса белгилеген.

Деңиз капустасы, сарымсак, пияз, айрыкча кызыл пияз жана имбирь вируска каршы эң эффективдүү азыктар болуп эсептелет. Эпидемия учурунда бул азыктар ар бир адамдын тамак рационунда болушу керек. Буларды чийки бойдон, эч кандай кошулмасы жок пайдаланууну сунуш кылам деген Ионова.

Диетолог карри менен куркуманы да бөлүп караган. Булар канды тазалап, токсиндердин пайда болушуна бөгөт коюп, боордун иштөөсүн жакшыртат. Инфекциялык оорулардын алдын алууга брокколи сыяктуу капустанын түрлөрү жана жемиштер да жардам берет. Дарыгер бул азыктарды колдонуунун алдында өнөкөт оорулары барлар алгач адистерге кайрылышы керектигин эскерткен.

Ионова туура тамактануу режимин сактап, күнүгө аз-аздан жашылча-жемиш, жаңгактын түрүн жеп турууну сунуштады. Бул тууралуу "Спутник" жазып чыкты.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер