Коронавирус – биологолиялык согушка репетициябы?
“Улуттук медициналык палата” медициналык шериктештиктер союзунун президенти Леонид Рошаль дүйнөдө коронавирустун тарашына байланыштуу кырдаал факт жүзүндө биологиялык согуштун репетициясы болуп саналат деп эсептейт.
“Факт жүзүндө бул биологиялык согуштун репетициясы. Азыр биз коронавирусту гана сөз кылып калдык, атомдук согушту, терроризмди эч ким айтпай калды. Бүткүл дүйнөнүн саламаттык сактоо кызматтары “биз буга канчалык даярбыз?” деп собол койду Рошаль мырза “Россия 24” телеканалынын эфиринде.
Ал короновирустан коркпоого, абалды чыңалтпоого чакырды. Анткени, башка инфекцияларга салыштырмалуу бул вирустан киши аз өлөт. Анын айтымында, өзүнүн тарыхында адамзат көп эле эпидемияларды жана пандемияларды башынан өткөргөн. Ал ошондой эле регионалдык медицинаны өнүктүрүүгө чакырды.