Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Элдин купулуна толгон жөнөкөй президентке жардам берели!

Элдин купулуна толгон жөнөкөй президентке жардам берели!

02-июнь, 13:32
1 024 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

30 жыл мурда чачырап калган Россияны эң күчтүү державага айланткан В.Путин аныгында В.Ленин сыяктуу улуу жол башчы экенин көрсөттү. Ушундай улуу адам менен маңдай-тескей отуруп, миллиондогон адамдардын тагдырын чечип жаткан президент Садыр Жапаров калк ишенимин акташы керек. Буга чейин Кыргызстанды чачыратып жок кылууну көздөгөн АКШнын алдамчы саясатына туш болгон элибиз кыйынчылыктардын түрлөрүн көрүп, аз жерден азып кала жаздады. Бирок улуу жол башчы В.Ленин түзгөн коммунисттик идеология менен кыргыздын улуттук идеологиясына сугарылган көпчүлүк АКШнын “бандиттик” саясатына баш ийип берген жок. Бул жерде айта кетчү жагдай, эгер украин элинде биздегидей улуттук идеологиясы жанданып, духтары күчтүү болгондо, Порошенко, Зеленский сыяктуу шылуундарды өздөрү эле кууп чыгышмак. Эми карагылачы, баарына макул болуп жүрө берген бечаралар чет өлкөлөргө чачырап, Украина мамлекети талкаланып жок болгону калды. Анткени алар Гитлер, Бандера, Шухевич сыяктуу фашисттерди улуттук баатырына айлантып алышкан. Фашисттерди колдоп жаткан АКШ менен Европа өлкөлөрүнүн максаты – Россия, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, баарын жок кылып, өздөрүнүн үстөмдүгүн орнотуу экенин көрүп жатабыз. 

Бизде болсо жүздөгөн жылдардан бери чогуу жашап келаткан Россия менен Кыргызстан стратегиялык өнөктөш болуп, өнүгүү жолунда баратышат. Жаныбыздагы боордош Казакстан бир жагынан, экинчи жагынан Кытай өнүккөн күчтүү держава катары жардамын аянышпайт. Бирок кайсы шайтан азгырып, НАТО өлкөлөрүнөн “инвестор” издеп жатышат? Же алардын алдамчы саясаты менен ашынган жырткычтыгын кыргыздар түшүнбөй жатабы? Кыргыздын канчалаган тонна алтынын казып кеткен канадалык шылуундарды унутуп калыштыбы? 

Кыргыз бийлигиндеги жеңил ойлуу обу жоктордун ачкөздүгүн бизден мурда Москва билип коёрун унутпашыбыз керек. Уурулук менен алдамчылыкты аябай өздөштүргөн Кыргызстанда ар кандай агенттиктерди түзө коюшуп, 120-150 миң сом айлык алгандар майда чиновниктер болушса, андан чоңдору мүшөктөп же миллиондоп алышабы? Ар кандай коррупциялык махинациялардын чебери болуп алган жуликти премьер-министр кылып дайындап койсо, коррупция менен мафиянын министрлигин түзүп коюш бир паста. Кызыгы, Кыргызстанды кризиске алып бараткан махинацияларын президент аркылуу ишке ашыра алат. Президенттин оозу менен айттырып жаткан коррупциялык долбоорлоруна кыргыз эли каршы чыгып жатканын урганы жок. Баардык президенттер менен “иштешип”, Кыргызстандын экономикасын талкалаган шылуун экенин тунгуч президент Аскар Акаев айтып чыкты го.

Бир жылдан бери айтылып келаткан коррупциялык долбоорлорду Садыр Жапаров токтотушу керек. Россия менен согушуп жаткан НАТО өлкөлөрүн инвестор катары алып келип, кыргыздарды чүлүктөп алуу эч кимге керек эмес. Болгону “эшегине жараша тушагы” болуп, кыргыз эли нааразы болуп жаткан обу жоктуктар улантыла берет. 

Президент Садыр Жапаров геосаясатты түшүнбөгөн экономисттин айтканын аткара берип, элдин ишениминен кетип калышы мүмкүнбү? Андан көрө көп векторлуу “сойку саясатты” токтотуп, Россия, Кытай, Казакстан, Беларусь сыяктуу өлкөлөр менен иш жүргүзсө, Кыргызстанды өнүктүрө алат. Кыргыз элинин купулуна толгон жөнөкөй президентке жардам беришибиз керек.


Зарлык Дыйканбаев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер