Камчыбек Кыдыршаевич, үйсүз калганы турам. Үн катыңызчы?


КР министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМКнын төрагасы генерал-полковник Камчыбек Ташиевге
Кайрылуу
Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич!
Мен Төрөкан Мамытов Бишкек шаарынын тургунумун, туруктуу иштеген жумушум жок. Учурда борбор калаабыз Бишкектин четиндеги Көк-Жар конушундагы жашап жаткан үйүмдөн кычыраган кыш чилдеде ажырап калганы турам. Бул жагы эми узак сөз. Сизден бир гана суранычым: мени өзүңүз 3 эле мүнөткө кабыл алып, көкүрөктөгү арыз-муңума кулак салып, тийешелүү укук коргоо органдарына тапшырма берип, адилеттүүлүктү гана камсыз кылып беришиңизди көптөн-көп өтүнөм.
Кымбаттуу Камчыбек Кыдыршаевич!
Ооба, менсиз да ишиңиз көп, убактыңыз өтө тар экенин билебиз. Мен сизден акча, үй же кызмат эмес, болгону адилеттүүлүккө гана көз салып беришиңизди суранам. Эң куру дегенде, айланаңыздагы ишенимдүү аткошчуларыңызга менин ишимди дайындатып, алдыдагы соттук иштерден туура, калыс чечим чыгартып берүүгө салымыңызды кошуп берүүңүзгө үмүт артам. Кудайдан кийинки үмүтүм эле сизде болууда.
Урматым менен
Төрөкан Мамытов
Байланыш тел.: 0704-44-55-51











